Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Беш-Конуш жайлоо өнүктүрүү борборунун 11-сезону ачылды.

Көрүлдү: 0

2024-жылдын 4-июль күнү Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн Беш-Конуш жайлоосунда "Жайлоо өнүктүрүү борборлору" долбоорунун алкагында 41 бала тартылган бала бакчанын жайкы сезону башталды. Бала бакчанын майрамдык ачылыш салтанатына Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Н. Джантаев, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень айым, жайлоо өнүктүрүү борборунун аткаруучу директору Р.Ж. Кайыкова, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары М.У. Касымалиев жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.А. Абыкеев катышты. Кереметтүү жаратылышы кооз тоо койнунда жайгашкан боз үйлөрдөгү бала бакчада бактылуу балдардын күлкүлөрү жаңырып, ата энелердин кубанычында чек жок. Бала бакчада балдар атайын программага ылайык, окуп жана тарбияланышат. Барган коноктор тарабынан балдарга белектер берилип, каалоо тилектерди айтылды.

post.title

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар