Көрүлдү: 733
Билим берүү жана илим министрлигинин балдарды бакчага камтууну 40% жеткирүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында камтууну эки эсеге көбөйтүү иштери жүргүзүлүп баштады.
Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 17 ( 3 сааттык) кыска мөөнөттүү балдар бакчалары ачылды.
Бакчалардын ачылыш аземи жер-жерлерде бир убакта онлайн режиминде өттү. Жалпысынан 1094 бала бакчага камтылып, жумуш орундары түзүлдү жана балдарды бакчага камтуу көрсөткүчү жогорулады.