Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БАЛАЛЫК -БУЛ АДАМДЫН ЖАШООСУНУН КИЧИНЕКЕЙ БӨЛҮГҮ

Көрүлдү: 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан балдарды бакчага тартууну кеңейтүү үчүн максаттуу жумуштар жүргүзүлүүдө. Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоору дал ушул мектепке чейинки билим берүүгө багытталган. 2024-жылдын 8-майында жогорудагы долбоордун алкагында Талас районундагы А.Огонбаев атындагы орто мектебинин, ал эми 14-май күнү И.Орозалиев, М.Мамбетов атындагы орто мектептеринин алдындагы 3 сааттык кыска мөөнөттүү балдар бакчасы ачылды. Бакчанын ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жакышов Руслан, айыл өкмөт башчысы Шамил Муратович, Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдубек Момоконов, Талас райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Венера Мамбеталиева жана чакырылган коноктор, айылдын тургандары, мектептердин жамааттары катышышты. Белгилей кетчү нерсе, кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачууда жергиликтүү бийлик өз балансындагы же ошол аймактагы пайдаланылбай турган мамлекеттик имаратты (авариялык абалдагы эмес) долбоорго сунуштайт. Окуучулар аз болгон мектептер имараттын бир нече бөлмөсүн берсе да болот. Долбоор имаратты ремонттон өткөрүп, балдар үчүн санитардык-гигиеналык шарттарды түзөт, заманбап балдар аянтчасын куруп берет жана бала бакча үчүн керектүү болгон бардык каражаттар менен камсыздайт (шкаф, стол, стул, килем, оюнчуктар, окутуу-өнүктүрүү куралдары жана тарбиячы үчүн колдонмолор). Талас районунда буга чейин 3 кыска мөөнөттүү бала бакча (Р.Айдаралиев, М.Туйтунов, А.Нуржанов орто мектептеринин алдындагы) долбоордун негизинде ачылып, азыркы учурда ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ал эми 2024-жылдын эсебинен жогорудагы А.Огонбаев, И.Орозалиев, М.Мамбетов атындагы орто мектептернин алдындагы бала бакчалар ачылып, ишке берилди. Кыска мөөнөттүү бала бакчалар мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү боюнча стратегиялык документтерде белгиленген максаттарга мүмкүн болушунча тез жана кыска аралыкта жетүүнүн оптималдуу варианттарынын бири болуп саналат.

post.title

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар