Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда төрт үч сааттык бала бакча ачылды.

Көрүлдү: 0

Ысык-Ата районунда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуусун жогорулатуу максатында Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен “Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлору аркылуу Кең-Булуң айыл аймагына караштуу “Наристе-Ысык-Ата” бала бакчасында 80 орундуу, Ысык-Ата айыл аймагына караштуу академик А.Мурзалиев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин базасында 50 орундуу, алкагында Сын-Таш айыл аймагына караштуу Ж.Алыбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин базасында жана К.Курманов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин базасында үч сааттык бала бакча ачылды. Кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачуу иш-чарасына Ысык-Ата районунун акими Эрмекбай Омошев, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Нурбек Сагынбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бакашева, райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздук уюмунун төрайымы Бактыгуль Тыныбекова, айыл өкмөт башчылары жана башкалар катышты.

post.title

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар