Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Талас облусундагы Манас районунда чоң майрам

Көрүлдү: 0

Талас облусунун, Манас районуна караштуу мектептердин базасында 9 кыска мөнөттүк (3сааттык ) бала бакчалар ачылды, ачылышка Манас районунун акими Д.А. Жээнбеков, акимдин орун басары А. Батыбекова, айыл өкмөт башчылары, Талас билим берүү усулдук борборунун жетекчиси Салтанат Бейшенова , Манас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы З. Маркашов, Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Кубатова катышты. Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Н.А. Касымова онлайн байланышка чыгып, куттуктоо сөзүн айтты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмдарын эки эсеге көбөйтүүнүн иш пландары менен райондук билим берүү бөлүм башчылары менен сүйлөшүлдү. Өкмөттүк акселератор программасына токтолуп башчыларга, жооптуу адистерге түшүндүрмө берилди.

post.title

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар