Көрүлдү: 0
19-январда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Баткен облусунун Лейлек районунун Самат айылындагы "Келечек" мектепке чейинки билим берүү уюмунда болду. Министр аталган уюмдун жайларды натыйжалуу пайдалануу, табигый жүндөн жасалган араби килемдерди колдонуу, колдо жасалган оюнчуктарды жана өнүктүрүүчү чөйрөдөгү бурчтарды жасалгалоо иштери менен таанышты.
Атап айтсак, "Келечек" балдар бакчасынын сыйымдуулугу 75 орундуу. Оптимизациялоодо 30 бала кабыл алынып, 105 бала тарбияланып, 6 тарбиячы эмгектенет.