Көрүлдү: 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти 6-класстын окуучуларынын окуу сабаттуулугун баалоого багытталган «Сабат-6: Окуу сабаттуулук» программасынын долбоорун даярдады.

Программа эмне үчүн керек?
Мектептердеги билим берүүнүн сапаты боюнча так жана объективдүү маалымат алуу үчүн;
Окуу программаларын текшерип, жакшыртуу үчүн;
Билим берүү саясатын өркүндөтүүгө сунуштарды иштеп чыгуу үчүн.
Негизги өзгөчөлүктөрү:
Бардык региондордогу мектептерди камтыйт;
Тесттер санариптик платформада өтөт;
Жашоодогу реалдуу кырдаалдар моделдештирилип, функционалдык сабаттуулук бааланат;
Заманбап ыкмалар колдонулат;
Окуучулардын жеке маалыматтары корголот.
Программаны ишке ашырууну Департамент координациялайт.
Мониторингдин жыйынтыктары билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууга жардам берет.