Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти
Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти
КЫРГЫЗСТАНДА МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫНА ПИЛОТТУК МОНИТОРИНГ ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАДЫ

Көрүлдү: 0

Жалпы пилоттогу бала бакчалардан 14 бала бакча катышып, жогорку тайпанын 302 баласы камтылды жана 30 тарбиячы тарабынан мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын баалоо боюнча сурамжылоого катышты

post.title

2025-жылдын 2–12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын IDELA эл аралык методикасынын негизинде пилоттук мониторинг жүргүздү.
Иш-чарага Бишкек шаарындагы жана Чүй облусунун Сокулук районундагы 15 бала бакча катышмак, бирок №145 МЧББУ Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин 2025-жылдын 22-августундагы №463 буйругунун негизинде пилотко ондоп түздөө иштеринен улам катыша алган жок. Жалпы пилоттогу бала бакчалардан 14 бала бакча катышып, жогорку тайпанын 302 баласы камтылды жана 30 тарбиячы тарабынан мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын баалоо боюнча сурамжылоого катышты. Ошондой эле мектепке чейинки уюмдардагы коопсуз билим берүү жана өнүгүү чөйрөлөрүнө байкоо жүргүзүлдү.
2025-жылдын октябрь айында пилоттун жыйынтыгына таянып, улуттук деңгээлде негизги мониторинг жүргүзүлөт. Анын жыйынтыктары балдардын мектепке даярдыгын аныктоого, билим берүү программаларын өркүндөтүүгө, тарбиячылардын кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын баалоонун бирдиктүү системасын түзүүгө өбөлгө болот.
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар