Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти
Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти
КЫРГЫЗСТАНДА МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫНА ПИЛОТТУК МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Көрүлдү: 0

Мониторинг «Алтын Казык» программасынын жана жалпы билим берүү системасын 12 жылдыкка өткөрүү иштеринин алкагында жүзөгө ашырылууда.

post.title

         2025-жылдын 2-сентябрынан 12-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын IDELA эл аралык методикасынын негизинде пилоттук мониторингден өткөрөт. Ага Бишкек шаарындагы жана Чүй облусунун Сокулук районундагы 15 бала бакча катышып, жогорку тайпанын 300гө жакын баласы камтылат.

           Мониторинг «Алтын Казык» программасынын жана жалпы билим берүү системасын 12 жылдыкка өткөрүү иштеринин алкагында жүзөгө ашырылууда.

Изилдөөнүн максаты – мектепке чейинки билим берүү уюмдары тарабынан балдардын өнүгүүсү, билим алуусу жана коопсуздугу үчүн түзүлүп жаткан шарттарды объективдүү баалоо жана эл аралык методиканын Кыргызстандын шарттарына шайкештигин текшерүү.

           № 59 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Раушан Ыманованын айтымында, педагогдор IDELA куралын апробациялоонун алкагында даярдыктан өтүштү.

2025-жылдын октябрь айында ушул пилоттун негизинде улуттук деңгээлдеги кеңири мониторинг жүргүзүлөт. Анын жыйынтыктары балдардын мектепке даярдыгын баалоого, билим берүү программаларын өркүндөтүүгө, тарбиячылардын даярдыгын жогорулатууга жана мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын баалоонун бирдиктүү системасын түзүүгө өбөлгө болот.

 

    

   

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар