Көрүлдү: 661
Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологияларды баалоо боюнча улуттук борбору 2022-жылдын 15-18-февралында Венгриянын жогорку окуу жайларынын бакалавриат программаларына тапшырып жаткан абитуриенттерге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 25-январындагы №74/1 “Кыргыз Республикасынын жарандарын Венгриянын жогорку окуу жайларына кабыл алуу жөнүндө” буйругуна ылайык тестирлөө өткөрдү.
294 абитуриент төмөнкү багыттар боюнча тестирлөөгө катышты:
1. Экономикалык:
Математика, 20 тапшырма – 60 мүнөт;
Адам жана коом, 20 тапшырма – 45 мүнөт;
Англис тили, 20 тапшырма – 45 мүнөт.
2. Социалдык-гуманитардык:
Кыргызстандын тарыхы, 20 тапшырма – 45 мүнөт;
Адам жана коом, 20 тапшырма – 45 мүнөт;
Англис тили, 20 тапшырма – 45 мүнөт.
3. Медициналык:
Биология, 20 тапшырма – 45 мүнөт;
Химия, 20 тапшырма – 60 мүнөт;
Англис тили, 20 тапшырма – 45 мүнөт.
4. Техникалык:
Математика, 20 тапшырма – 60 мүнөт;
Физика, 20 тапшырма – 60 мүнөт;
Англис тили, 20 тапшырма – 60 мүнөт;
5. Табият таануу:
Биология, 20 тапшырма – 45 мүнөт;
Математика, 20 тапшырма – 60 мүнөт;
Англис тили, 20 тапшырма – 45 мүнөт.
№ |
Багыты |
|
Саны |
Эскертүү |
1 |
социалдык-гуманитардык |
|
75 |
|
2 |
табигый илимдер |
|
12 |
|
3 |
медициналык |
|
13 |
|
4 |
техникалык |
|
102 |
|
5 |
экономикалык |
|
92 |
|
Бардыгы |
|
294 |
10 онлайн |
Тестирлөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын, билим берүү программаларына ылайык түзүлүп тапшырмалардын төмөнкү түрлөрүн камтыды:
- жабык (сунушталгандардын ичинен бир туура жоопту тандоо);
- ачык (талапкер кыска жооп берет (бүтүн сан));
- туура ырааттуулукту аныктоо (окуялардын удаалаштыгын аныктоо);
- шайкештигин аныктоо (2 топтомдун элементтеринин ортосундагы шакйкештикти аныктоо);
Талапкерлердин упайлары үч (3) предмет боюнча жалпы упайларды жана алардын пайыздарын көрсөтүү менен тестирлөө аяктагандан кийин чыгарылды.