Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 4-11-класстарынын окуучулары үчүн дене тарбия мугалимдери жана дене тарбия иш-аракеттеринин инструкторлору үчүн колдонмону иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун 1-отуруму өткөрүлдү

Көрүлдү: 0

2022-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация боюнча республикалык борборунда Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 4-11-класстарынын окуучулары үчүн дене тарбия мугалимдери жана дене тарбия иш-аракеттеринин инструкторлору үчүн колдонмону иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун 1-отуруму өткөрүлдү Жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борборунун директорунун орун басары Жогина И.А. дене тарбия жана адаптациялык дене тарбия адиси катары киргизилген. Топтун иши бир айга эсептелген, бул иштин натыйжасында медициналык көрсөткүчтөр боюнча дене тарбия сабактарынан бошотулган мектеп окуучуларынын кыймыл-аракет активдүүлүгүнүн усулдарынын, формаларынын жана каражаттарынын сунуштары, ошондой эле ар кандай регионалдык топтордогу кыздар үчүн атайын физикалык жүктөмдөр иштелип чыгышы керек.

post.title

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар