Көрүлдү: 0
2024 жылдын 6-8 ноябрында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал айылындагы №68 Кесиптик лицейдин базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгынын алкагында №68 Кесиптик лицейдин түптөлүшүнө жана жаш адистерди даярдоого зор салымын кошкон ардактуу ардагер, СССРдин “Кесиптик билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси, маркум Мустапакулов Пайгамбаркул агайдын 90 жылдык мааракесине карата облустук окуу жайлардын кызматкерлери катышкан I Спартакиада өткөрүлдү. Спартакиадага спорттук оюндардын 2 түрү боюнча жалпы 16 лицейдин 15 командасы катышты. Анын ичинен эркектер арасындагы “Волейбол” боюнча 12 команда, аялдар арасында 9 команда жана “Стол үстүндөгү теннис” оюндары боюнча 12 команда мелдешке ат салышты. Калыстардын чечими боюнча эркектер арасындагы “Волейбол” оюну боюнча 1-орунга №46 Кесиптик лицейдин оюнчулары ээ болушту: 2-орунга №53 Кесиптик лицейдин командасынын оюнчулары ээ болушту: 3-орунга №75 Кесиптик лицейдин командасынын оюнчулары ээ болушту: Ал эми аялдар арасындагы “Волейбол” оюну боюнча 1-орунга №75 Кесиптик лицейдин командасынын оюнчулары ээ болушту: 2-орунга №68 Кесиптик лицейдин командасынын оюнчулары ээ болушту: 3-орунга №21 Кесиптик лицейдин оюнчулары ээ болушту: “Стол үстүндөгү теннис” оюну боюнча жалпы 14 команда катышып, 1-орунга №53 Кесиптик лицейдин оюнчулары ээ болушту: 2-орунга №21 Кесиптик лицейдин оюнчулары ээ болушту: 3-орунга №39 Кесиптик лицейдин оюнчулары ээ болушту: Натыйжада, жалпы командалык эсепте 1-орунга №53 Кесиптик лицейдин командасы, 2-орунга №75 Кесиптик лицейдин командасы, 3-орунга №21 кесиптик лицейдин командалары ээ болушту. 1-Спартакиаданы уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору жана №68КЛ жамааты.