Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
"Руханий-адеп-ахлактык өнүгүү жана дене тарбия жөнүндө" жарлыкты ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын окуу жайларында спорт жумалыгын өткөрүү

Көрүлдү: 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29- январындагы №1 “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана студенттердин эл аралык спорт күнүн белгилөөгө байланыштуу, ошондой эле студенттер арасында физикалык активдүүлүктү, сергек жашоо образын жана студенттер арасында адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдөөнү жайылтуу максатында КР Билим берүү жана илим министирлигинин “Жогорку, орто кесиптик жана башталгыч кесиптик окуу жайларында «Спорт жумалыгын» өткөрүү жөнүндө № 1434/1, 17.09.2024 буйругунун негизинде төмөнкүлөр аткарылды. Лицейлерде, колледждерде жана ЖОЖда спорттун мелдештердин спорттун ар кайсы түрлөрү боюнча мелдештер болуп өттү алар Футбол, волейбол, кичи футбол, стол тенниси, шахмат, жеңил атлетика, тогул коргоол, аркан тартыш, таяк тартыш жана башка спорттун түрлөрү; Бишкек шаары боюнча И.Раззаков Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде, Кыргыз-Түрк Манас университетинде жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясыда. Чүй облусу №25, 102, 56, 37,61кесиптик лицейлер. Ош облусундагы спорт жумалыгы төмөнкү окуу жайларды камтыды: ОшМУ, Ош мамлекеттик педагогикалык университети, Ош техникалык университети, Ош айыл чарба техникуму, Ош медициналык колледжи, Ош курулуш техникуму, Ош соода колледжи, Ош музыкалык колледжи, жогорку окуу жайлардын алдындагы колледждер жана кесиптик лицейлер. Өткөрүлгөн мелдештер массалык маалымат каражаттарында жана Фейсбукта чагылдырылган. Талас облусу боюнча иш-чараларга Талас мамлекеттик университети жана 4 билим берүү колледжи катышты. Ысык-Көл облусу боюнча спорттук иш-чаралар төмөнкү окуу жайларды камтыды: № 22, 85, 42, 82, 14, 2, 55, 81 лицейлер, К.Тыныстанова атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Индустриалдык педагогикалык техникум (Балыкчы шаары). Баткен областы боюнча №34 лицей (Самаркандек айылы), Кызыл-Кыя шаарындагы №7 лицей. Нарын областы боюнча №15,30,40,26,87 кесиптик лицейлер, Нарын мамлекеттик университети, педагогикалык колледжи, IT колледжи жана медициналык колледжинде. Жалал-Абад областы. Жалал-Абад маданият техникуму, Жалал-Абад медициналык колледжи, Жалал-Абад Нур колледжи, ЖОЖдордун алдындагы колледждер. Жыйынтыктап айтканда бул иш чарага 4000 ашуун студент катышты, спорт жумалыгы дени сак жана жигердүү муунду тарбиялоодо мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн көрсөттү. Бул студенттерге спорттун ар кандай түрлөрү боюнча өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк гана бербестен, алардын физикалык жана моралдык ден соолугун чыңдоо аянтчасы болуп калды. Студенттердин активдүү катышуусу жана ар түрдүү спорттук иш-чаралар 2024-жылкы спорт жумалыгын Кыргыз Республикасында спорт маданиятын жана жаш муундун руханий-адептик жактан өнүгүүсүн чыңдоодогу маанилүү кадамга айлантты.

post.title

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар