Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
Кыргыз студенттик командалардын Бүткүл дүйнөлүк Универсиада-2023га катышуусу, Чэнду, Кытай Эл Республикасы

Көрүлдү: 0

2023-жылдын 15-июнунда 2023-жылдын 28-июлунан 8-августуна чейин Кытай Эл Республикасынын Чэнду шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк универсиадага кыргыз студенттик курама командалардын катышуусун уюштуруу маселелери боюнча жыйын өттү. Маалымат үчүн: Универсиада — Эл аралык университеттик спорт федерациясы (FISU) тарабынан студенттер арасындагы эл аралык спорттук мелдеш. “Универсиада” аталышы “Университет” жана “Олимпиада” деген сөздөрдөн келип чыккан. Көбүнчө “Дүйнөлүк студенттик оюндары” жана “Дүйнөлүк университет оюндары” деп аталат. Жайкы жана кышкы универсиадалар эки жылда бир өткөрүлөт. Университеттик спорттун тарыхы 1905-жылы АКШда студенттер арасында биринчи эл аралык мелдештер өткөрүлгөндө башталган. 1919-жылы Жан Птижан студенттердин конфедерациясын түзгөн. Бул уюмдун жетекчилиги астында 1923-жылы Парижде биринчи дүйнөлүк студенттик оюндар өткөн.

post.title

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар