Көрүлдү: 0
2023-жылдын 8-10-май күндѳрү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европанын Регионалдык бюросунун демилгеси менен «Балдар арасында физикалык активдүүлүктү жайылтуу жана ага байкоо жүргүзүү» темасында семинарларды өткөрдү. Семинарларга Кыргызстандын, Казакстандын жана Россиянын дене тарбия жана спорт тармагындагы саламаттыкты сактоо уюмдарынын жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча Европа аймактык бюросунун эксперттери катышты.