Көрүлдү: 0
Бүгүн, 2023-жылдын 6-апрелинде “Окуучуларды патриоттук тарбиялоо боюнча иштерди уюштурууну жакшыртууга багытталган усулдук сунуштар” жана “Мектеп окуучуларына музыка сабагынын усулдук колдонмосу” долбоорлорунун бет ачары болду. Бул сунуштун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат: - Мекенге болгон сүйүү сезимин калыптандыруу, анын тарыхын, маданиятын, салттарын, коомдук турмуштун нормаларын урматтоо; - өз көз карашын түзө билүү, билдирүү жана коргой билүү, адамдын патриоттук сапаттарын тарбиялоо; - инсандын моралдык негиздерин калыптандыруу.