Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
КМШга катышкан мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форуму

Көрүлдү: 0

2022-жылдын 12-14-декабрь күндөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) КМШга катышкан мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форуму болуп өттү. КМШга катышкан мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форумунун катышуучулары гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо жана шериктештик элдеринин ортосундагы руханий байланыштарды сактоо зарылдыгын билдиришти. Форумга Шериктештик өлкөлөрүнүн илим, маданият, билим берүү ишмерлери, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, мамлекеттер аралык түзүмдөрдүн, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышышты. Форумда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият усулдук борборунун директорунун орун басары Д.ж. Алышбаева “Эпикалык мурас – улуттук маданий код катары” темасында доклад менен сөзгө чыкты.

post.title

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар