Көрүлдү: 0
2022-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Студенттик спорт федерациясынын кезектеги отчеттук-шайлоо Конференциясы болуп өттү. Федерация маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Студенттик спорт федерациясынын мүчөлөрүнүн бир добуштан кабыл алган чечими менен Кыргыз Республикасынын Студенттик спорт федерациясынын президенти болуп 4 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Төлөнов Данияр Эрмекович шайланды. Мындан тышкары, 5 вице-президент шайланып, курамы 11 адамдан турган аткаруу комитетинин курамы бекитилди. Төлөнов Данияр Эрмековичти Кыргыз Республикасынын Студенттик спорт федерациясынын президенти болуп шайланышы менен куттуктайбыз жана мындан аркы иштерибизге ийгилик каалайбыз!