Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
КМШнын көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттер арасында мектеп спортунун эл аралык Фестивалынын жыйынтыгы

Көрүлдү: 0

2022-жылдын 15–20-ноябрына чейин Уфа шаарында (Башкортостан Республикасы, Россия Федерациясы) өткөн КМШнын көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттер арасында мектеп спортунун эл аралык Фестивалы аяктады. Мелдештердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын спортчулары 4 медалга (1 алтын жана 3 күмүш) ээ болушту: 1. Баскетбол (3х3) кыздар арасында-алтын; 2. Баскетбол (3х3) балдар арасында - күмүш; 3. Кичи-футбол (футзал)-күмүш; 4. Стол үстүндө тенниси-күмүш. Мындан сырткары футзал боюнча мелдештерге Россия Федерациясында жашаган кыргыз диаспорасынын балдары катышкандыгын белгилеп кетүү керек. Ошондой эле, кыргыз диаспорасынын балдары волейбол боюнча мелдештерге катышып, төртүнчү орунга ээ болушту. Учурдан пайдаланып, Фестивалга катышууда көрсөткөн колдоосу үчүн кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө терең ыраазычылык билдиребиз.

post.title

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар