Көрүлдү: 0
Балдар –Кыргыз Республикасынын эң баалуу байлыгы. Алардын жашоосу жана ден соолугу үчүн коопсуз шарттарды түзүү ар бир адамдын милдети. Ушундан улам, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025-жылдын 28-30-апрелинде Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы мектептердин социалдык педагогдоруна “Балдарды колдоо, алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана тарбиясын жөнгө салуу” аталышындагы темада онлайн окутуу уланууда.
Онлайн окутуу балдардын өз өмүрүн кыюусунун (суицид), баңгизаттарды колдонуусунун жана мектептеги зомбулуктун алдын алууга багытталган. Ар бир облустан болжолдуу 500дөн ашык социалдык педагогдор катышууда.
Онлайн окутууга лектор катары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана КРСУнун Жаштар арасында деструктивдүүлүктүн жана экстремизмдин алдын алуу институтунун кызматкерлери катышууда.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги иштелип чыккан методикалык колдонмолорду, презентацияларды, буклеттерди жана видеороликтерди жумушта колдонуу үчүн ар бир мектептин тарбия багытында иш алып барган кызматкерлерге таркатылып берилүүдө.