Көрүлдү: 0
2025-жылдын, 17-апрелинде Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2025–2027- жылдарга “Жаштар, тынчтык жана коопсуздук” 2250-резолюциясынын иш-аракеттер планынын артыкчылыктуу багыттары талкууланды.
Отурумга Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, негизги өнөктөштөр, бейөкмөт уюмдар, жарандык уюмдар, тынчтык жана коопсуздук жаатында иштеген жаштар уюмдары жана кыймылдардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын максаты – жаштарды тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо процессине тартуу үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин “Жаштар, тынчтык жана коопсуздук” 2250-резолюциясын ишке ашыруу, чыр-чатактарды алдын алуу, тынчтыкты орнотуу жана туруктуу тынчтыкты сактоодогу ролун күчөтүү.
Билим берүү жана илим министрлигинин Уюштуруу жана тарбиялоо иши боюнча секторунун жетектөөчү адиси Алтынбек Эркимбеков, министрлик тарабынан билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан алдын алуу (профилактика) жана агартуу иштер тууралуу баяндама жасап, министрлик тараптар менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.