Көрүлдү: 0
Ош облусундагы райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жана башкармалыгынын кызматкерлери аттестациядан өтүштү!
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
Жобонун аткагында (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022 жылдын 31-майындагы ПЖ № 169 Жарлыгы) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү 2024-жылдын 29-февралында Ош облусунун райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын аттестациялоонун 3-этап “Аңгемелешүү” 22 мамлекеттик кызматчыларга өткөрдү.
Кийинки планга кезектеги Жалал-Абад облусунун райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн мамлекеттик жарандык кызматчыларын аттестациялоо киргизилди.