Көрүлдү: 0
Министрликтин борбордук аппаратынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз
Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308
Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык
чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө
Жобого ылайык, 2023-жылы борбордук аппараттын 30, райондук/шаардык
билим берүү бөлүмдөрүнүн 21 мамлекеттик кызматчыларына тиешелүү
класстык чендер ыйгарылган.