Көрүлдү: 1277
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери коронавируска каршы вакцина алууну улантып жатышат. Бүгүн министрликке Бишкек шаарынын №1 поликлиникасынын мобилдик тобу келди. Министрликтин жетекчилиги биринчилерден болуп «Синофарм» вакцинасын алды.
Бүгүнкү күнгө карата министрликтин борбордук аппаратынын, ошондой эле ведомство алдындагы уюмдардын кызматкерлеринин жарымынан көбү коронавируска каршы эмделишти.