Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ТЕСТИРЛӨӨНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ МЫКТЫ МЕНЕДЖЕРЛЕРДИ ДАЯРДОО ЗАРЫЛДЫГЫН КӨРГӨЗҮП ЖАТАТ”

Көрүлдү: 2288

“Мектептерде болуп жаткан жана боло турган өзгөрүүлөр жаңы заманбап жетекчиликти талап кылат. Ошондуктан директорлордун корпусу жаңыланып жатат. Тестирлөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, биздин өлкөдө билим берүү тармагында мугалимдерди гана эмес, менеджерлерди да даярдоо зарыл”, - деп билдирди министр Алмазбек Бейшеналиев бүгүн, 23-августта мугалимдердин август конференциясында.

post.title
 
Министрдин айтымында, жалпы билим берүүчү мектептердин жетекчилеринин жаңыланган курамы менеджерлердин негизги компетенцияларын көрсөтүшү абзел.
Алар:
1. Натыйжаларга жана жетишкендиктерге багытталгандык.
2. Ийкемдүүлүк.
3. Үйрөнүү, өз алдынча үйрөнүү.
4. Таасир этүү, ынандыра билүү.
5. Башкаларды уга билүү, пикирлерди кабыл алуу.
6. Презентация, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү көндүмдөрү.
7. Кардарларга багытталгандык, көңүлүн буруу.
Белгилей кетсек, мектеп директорлорун конкурстук тандоо тестирлөөсүндө “Башкаруучулук менеджмент”, “Педагогика”, “Курактын психология”, “Нормативдик укуктук актылар” жана “IT компетенциялары” (колдонуучу деңгээлинде) сыяктуу темалар камтылган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар