Көрүлдү: 634
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүүчү мектептерди жана жалпы билим берүү программаларын аккредитациялоо тартибин өзгөртүү максатында иш-чараларды баштады.
Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын ырастоо максатында жүргүзүлүүчү аккредитациялоо процедурасынын тартибине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү пландалууда.
Буга байланыштуу 2022-жылдын 14-августуна чейин salkyn555@mail.ru электрондук дарегине сунуштарды жиберсеңиздер болот.
Сиздерден түшкөн сунуштарды аккредитациялоо боюнча укуктук ченемдик актылардын долбоорун иштеп чыгуучу жумушчу топ карайт.
Сиздердин көмөгүңүздөргө ыраазычылык билдиребиз.