Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЭЛИ МЕНЕН БОЛГОН ЖОЛУГУШУУЛАРГА КАТЫШУУДА

Көрүлдү: 1324

Президент Садыр Жапаровдун элдин маселелери менен жеринен кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу үчүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев,Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад облусунун калкы менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул жолугушууларга Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу дагы катышып жатат.

post.title

Министрдин орун басары Расул Абазбек уулу эл менен жолугушуулардын алкагында кесиптик лицейлерди дагы кыдырууда.

Анда министрдин орун басары кесиптик лицейлердин абитуриенттерди кабыл алууга болгон даярдыгы, окутуучу курамы, окутуунун жүрүшү, материалдык-техникалык базасы менен таанышууда. Буга кошумча кесиптик лицейлердеги көйгөйлөр тууралуу суроолорго жооп берип, билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүүдө.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар