Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
ДҮЙНӨ КЛУБДАРЫ ЖАШТАРДЫ СОЦИАЛДЫК БИРИМДИККЕ ТАРТАТ

Көрүлдү: 427

28-июнда “Жергиликтүү деңгээлде тынчтык куруу жана социалдык биримдик боюнча тынчтык клубдарынын демилгелери” темада улуттук тегерек стол болуп өттү.

post.title

Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов тегерек столдун катышуучуларына болгон кайрылуусунда жаркын келечекти калыптандырууда жаштардын биримдигинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Президенттин Администрациясынын эксперти Данияр Сүйүнов өлкө жетекчилиги жаштарды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерге чоң көңүл бурарын белгилеп, анын ичинде "Жаш тынчтык куруучулар" долбоорун колдоорун билдирди.

Тегерек столдун жүрүшүндө дүйнөнүн 32 клубу өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен тааныштырышты. Алсак, клубдар тынчтыкты орнотууга, жаштардын интеллектуалдык өнүгүүсүнө, өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын-алууга жана "Кыргыз жараны" концепциясын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө багытталган 300дөн ашык иш-чараларды өткөрүштү. Бул иш-чараларга 11 миңден ашык адам катышкан.

Тегерек стол КР Президентинин Администрациясы, Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КРнын Өкмөтүнүн Аппараты, Ички иштер министрлиги, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги, UNODC, CRISP, International Alert, PeaceNexus, Winrock International жана Erayim, Этностор аралык мамилелер башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда "Жаш тынчтык куруучулар" IPD долбоорунун алкагында өттү.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар