Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ БАУнун БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНҮН ДИПЛОМ ТАПШЫРУУ АЗЕМИНЕ КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 719

18-июнда Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин (БАУ) 2022-жылдагы бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи өттү.

post.title

Ага Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, БАУнун Камкорчулук кеңешинин төрагасы, доктор Шамш Кассим-Лакха, Борбордук Азия Университетинин ректору, профессор Сохаил Накви ж.б. катышты.

Өз сөзүндө министр Алмазбек Бейшеналиев бүтүрүүчүлөрдү жогорку окуу жайды ийгиликтүү бүтүрүп жаткандары менен куттуктап, аларга болгон ишеним чоң экенин белгиледи.

“Мен БАУнун бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагынын өнүгүүсүнө чоң салым кошот деп ишенем”, - деп билдирди министр.

Ал эми Борбордук Азия Университетинин ректору Сохаил Накви студенттерге жана алардын ата-энелерине ыраазычылыгын билдирип, ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар