Көрүлдү: 729
14-июнда министр Алмазбек Бейшеналиевдин жана Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Чарльз Гарреттин катышуусунда “Кыргыз-Британ кызматташтыгы Кыргызстандын балдарынын көзү менен” темасындагы Республикалык көркөм чыгармачылык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Аталган сынак Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналды. Сынакка 5-9-класстардын окуучулары катышты.
Жыйынтыгында эң мыкты 10 чыгарманын авторлору баалуу белектер менен сыйланды.