Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ ЭЛ АРАЛЫК ТҮРК АКАДЕМИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 944

2022-жылдын 3-июнунда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Эл аралык Түрк академиясынын Президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту.

post.title

Министр түрк тилдүү элдердин ортосундагы илимий, маданий байланыштарды өнүктүрүүдө Эл аралык Түрк академиясынын ишмердүүлүгүнүн салымын белгиледи.

Өз кезегинде Дархан Кыдырали академиянын бул жылдагы пландары менен бөлүшүп, анын бири катары 2022-жылдын сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында Түркологдордун биринчи конгрессин өткөрүү пландалып жатканын билдирди.

Ошондой эле Дархан Кыдырали Алмазбек Бейшеналиевди 2022- жылдын 24-июнунда Нурсултан шаарында өтө турган Эл аралык Түрк академиясынын илимий кеңешинин кезектеги жыйынына катышууга чакырды.

Министр чакырууну кабыл алып, ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар