Көрүлдү: 1477
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.
Бул кызматка дайындалганга чейин А. Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы болуп иштеген.