Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ТАЗАЛЫК КҮНҮНӨ КАРАТА ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ

Көрүлдү: 320

21-сентябрда министр Догдуркүл Кендирбаева баштаган Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын жана ведомстволук уюмдарынын кызматкерлери Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата ишембиликке чыгышты.

post.title

Алар Бишкек мэриясы бекитип берген аймакты, К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын айланасын тазалашты. Ошондой эле желим, айнек бөтөлкө, кагаз сыяктуу таштандыларды чогулттушту.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 8-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 20-сентябрды Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү деп жарыялаган. Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү таза жана ден соолукка коопсуз айлана-чөйрөнү сактоо жана калдыктар менен ресурстарды туруктуу башкаруу үчүн жамааттык жоопкерчилигибизди баса белгилейт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар