Көрүлдү: 1686
Бүгүн Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Орозали Сайдилкановдун педагогикалык ишмердигине арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференцияга мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар жана билим берүү жаатындагы серепчилер, ошондой эле тажрыйбалуу мугалимдер катышып, заманбап мектептин модели жана гумандуу, улуттук, демократиялык баалуулуктар боюнча кеңири пикир алышышты.
Ошондой эле, конференциянын катышуучулары гумандуу педагогикага байланышкан китептер менен таанышып, О. Сайдилкановдун “Устаттык жолдун уңгусу” китебинин бет ачарына күбө болушту.