Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
Министрликтин жетекчилиги Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин жамааты менен жолугушту

Көрүлдү: 1122

Бүгүн Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинде министрликтин жетекчилиги аталган окуу жайдын эмгек жамааты менен жолугушуу өткөрдү.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө окуу жайдын мурунку жетекчилигинин тушунда кетирилген кемчиликтерди жоюу аракеттерине баа берилип, колледжди өнүктүрүү пландары талкууланды. Болотбек Купешев аталган колледждин директорлугуна бир жарым жыл мурун дайындалган белгилүү обончу жана аткаруучу Түмөнбай Колдошевдин жетекчи катары ишмердүүлүгүнө жалпысынан оң баасын берип, министрлик тарабынан мындан ары да колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. Ошондой эле министр жаш жетекчини колледждин чарбалык иштери менен катар окутуу-тарбиялоо иштерине да көбүрөөк көңүл бурууга чакырды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар