Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА «УЧКУН» ААКдагы ОКУУ КИТЕПТЕРИН БАСУУ БОЮНЧА АБАЛ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Көрүлдү: 576

3-октябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева окуу китептерине тийиштүү абалды жеринде иликтөө үчүн «Учкун» ачык акционердик коомуна барып, анын жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушту.

post.title

Догдуркүл Кендирбаева окуу китептерин басып чыгаруу ишин тездетүү жана иш процессине тоскоолдук келтирген маселелерди карап чыгуу зарылдыгын белгиледи, тараптар кыска мөөнөттө аларды биргеликте чечүүнү макулдашты.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 352 «Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө» Жарлыгына ылайык, окуу китептерин «Учкун» ачык акционердик коому басып чыгарат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар