Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
МИНКАБ ТӨРАГАСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН ЖАМААТЫНА МИНИСТРДИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ ДОГДУРКУЛ КЕНДИРБАЕВАНЫ ТААНЫШТЫРДЫ

Көрүлдү: 805

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жамаатына жаңы министрдин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаеваны тааныштырды.

post.title

МинКаб Төрагасы билим берүү тармагында масштабдуу реформалар жүргүзүлүп жатканын белгилеп, жаңы министр ал реформаларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшаарына ишеним артаарын билдирди.

“Азиз Абакировдун — биздин жигиттер Кыргызстанда туруп, бүткүл дүйнө боюнча иштесе болот деген сөзү бул жерде орундуу. Биздин милдет бул үчүн шарт түзүү. Президент Догдуркүл Кендирбаеванын алдына жаңы министрдин командасы жакынкы аралыкта ишке ашырууга тийиш болгон абдан маанилүү жана зарыл милдеттерди белгиледи”, — деген Акылбек Жапаров, жаңы министрдин милдетин аткаруучуга ийгилик жана эмгекчилдик каалады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар