Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
Аксыда 225 окуучу орунга ылайыкташкан жаңы мектеп ачылды

Көрүлдү: 960

Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүндө жаңы салынган 225 окуучу орунга ылайыкташкан билим уясы окуучуларга эшигин ачты. Аталган айыл өкмөткө караштуу Жеңижок атындагы №9 жалпы орто билим берүүчү мектептин ачылышына арналган салтанаттуу иш-чарага өлкөнүн билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыхановдор катышышты.

post.title

Министр мектеп жамаатын жана окуучуларды жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, жаңы мектеп жаш муундарга татыктуу тарбия, терең билим берген куттуу жайга айланышына тилектештигин билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр баштаган жетекчилер жаңы имарат менен кеңири таанышып чыгышты.

Белгилей кетсек, жаңы салынган эки кабаттуу типтүү мектептин курулушу Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды. Курулуш иштери 2019-жылы март айында башталып, ушул жылдын октябрь айында аяктады. Бул милдетти “ПГС-ВЕК” ЖЧК курулуш компаниясы жүзөгө ашырды.

Ушул тапта мектепте 465 окуучу билим алууда.

Кошумчалай кетсек, алдын ала маалыматка ылайык Сауд өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен республика боюнча 27 мектептин курулушу каржыланууда. Анын ичинен беш мектептин курулуш иштери толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Алар: Ош областынын Араван районундагы 225 окуучу орунга ылайыкташкан А. Тургунов атындагы №23 орто мектептин имараты, Кара-Суу районундагы 225 окуучу орунга ылайыкташкан №42 Маданият орто мектебинин имараты, Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы 225 окуучу орунга ылайыкташкан Ы. Чынгылов атындагы орто мектептин окуу корпусу, Нарын областынын Кочкор районунун Бугу айылындагы 150 окуучу орунга ылайыкташкан орто мектептин имараты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар