Көрүлдү: 938
Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жана министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов иш сапары менен Ысык-Көл облусун кыдырып келишти.
Эки күндүк иш сапары учурунда алар облустун дээрлик бардык райондоруна барып, башталгыч, орто жана жогорку окуу жайлардын эмгек жамааттары менен жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушуулар эркин пикир алышуу форматында өтүп, тармактагы талылуу маселелер талкууга алынды.