Борбордук аппарат
Борбордук аппарат

Көрүлдү: 11018

Коррупцияга каршы чаралар

Билим берүү тармагындагы 2023-жылга карата коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында коррупцияга шектелип 6 директор, 8 мектеп кызматкери, ошондой эле билим берүү бөлүмдөрүнүн (шаар, райондук) 3 кызматкери кармалды.

2023-жылдын башынан бери министрлик тарабынан кесиптик лицейлердин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча 18 комиссия түзүлдү. Комиссиялардын ишинин жыйынтыгы боюнча:

- 6 директор ээлеген кызматынан бошотулду;

- кесиптик лицейлердин 32 кызматкери иштен бошотулду;

- кесиптик лицейлердин 8 директору жана 49 кызматкери сөгүш түрүндөгү тартиптик жазаларын алышты.

***

2002-жылдан бери ЖРТ объективдүү, ачык-айкын тестирлөө жүргүзүүгө багытталган билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы ири долбоорлордун бири болуп саналат. “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзамга ылайык, колледждерге кабыл алуу да ЖРТнын негизинде жүргүзүлөт.

2017-жылдан тарта ЖОЖдордо мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация видеокамерага жазылып, архивде сакталат.

2018-жылдан баштап бала бакчаларда “Электрондук кезек” системасы, 2019-жылдан баштап мектептерде “Биринчи класска электрондук каттоо” системасы иштеп жатат.

2020-жылдан тарта жождордо “Бирдиктүү терезе” системасы иштей баштады. Бул система коррупциялык тобокелдиктерди, убакытты текке кетирүүнү, кезек күтүүнү азайтуу жана студенттерге ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында киргизилген.

2020-2021-жылдары кесиптик лицейлерге, колледждерге жана жождорго кабыл алуу “Абитуриент онлайн” платформасы аркылуу онлайн режиминде жүргүзүлөт.

2022-2023-окуу жылынан тарта 92 кесиптик лицейде сынактар ​​онлайн режиминде өттү.

Ошондой эле билим берүү системасында «Санариптик контрактчы», Билим берүүнү башкаруунун маалымат системасы (ББМС=ИСУО), «Билим берүү уюмдарынын электрондук лицензиясы жана аккредитациясы», «Чет өлкөдөгү студент», «Китеп» электрондук китепкан сыяктуу маалыматтык системалар бар.

Кесиптик башталгыч билим берүү системасына билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы киргизилгенден кийин штат 348 бирдикке – 3568 кызматкерден 3220га кыскарган. Булар биринчи кезекте аныкталган “өлүү жандар”.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар