Туулган жылы: 1965-жылдын 25-июлу.
Билими:
1986 – 1991 - Кыргыз мамлекеттик университети. Тарых жана коомдук илимдер мугалими. Артыкчылык диплому менен аяктаган.
Эмгек жолу:
2014, ноябрь — 2023 - «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду. Аткаруучу директор.
2012-жылдын июлу 2014-жылдын сентябры - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги. Министрдин орун басары.
2007-жылдын ноябры 2012-жылдын июлу - Ысык-Көл облустук билим берүү институту. Облустук билим берүү уюмдарынын директору, координатору.
2004 -2007 — Ысык-Көл облустук билим берүү башкармалыгы. Башкармалыктын начальниги.
2003-2004 — Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы. Жети-Өгүз районунун жетекчиси– акиминин биринчи орун басары.
2002-2003 - Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча облустук институт. Эл аралык мамилелер жана инвестиция тартуу боюнча лаборатория. Тарых жана экономика боюнча методист. Лабораториянын башчысы.
2001-2002 – Балдарды сактагыла (Улуу Британия) — АӨБ. АӨБ “Коомчулук деңгээлинде балдарды эрте куракта өнүктүрүү” долбоорунун аймактык билим берүү боюнча облустук консультанты.
1997 – 2001 - Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институту. Облустук мектептерди башкаруу жана инвестиция тартуу лабораториясынын башчысы.
1987 –1997 — Жети-0гуз районундагы Ю. Гагарин атындагы орто мектеби, Тарых жана экономика мугалими.
1982-85 —«Оргочор» асыл тукум чарбасы. Жумушчу.
Кошумча маалымат:
Каракол шаардык кеңешинин депутаты болгон. Билим берүү, социалдык тармак жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы.
Каракол шаардык кеңешинин «Мугалим» шайлоо тобунун жетекчиси.
Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы. 2002-ж.
Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы. 1996.
- Каракол шаардык кеңешинин Ардак грамотасы. 2008.
- Ардак грамота – Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ыраазычылык каты.
- Облустук мамлекеттик администрациянын Ардак грамоталары. 1996- 2010.
- Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги. 1996.
- «Кыргызстандын аялдары айылдарды өнүктүрүүдө» эл аралык конкурсунун жеңүүчүсү (ПРООН- ЮНИФЕМ). 2006.
- Коомчулукка негизделген эрте жаш курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн новатордук идеялар сынагынын жеңүүчүсү. 2003.
- «Жылдын мыкты мугалими-96» облустук, республикалык сынагынын жеңүүчүсү.
- Эл аралык «Дилгир» сыйлыгынын лауреаты. 2002.
Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.