О заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об образовании"

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2021-жылдын 26-февралы № 59

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Нурбаев А.М., Никитенко Н.В., Токторов А.С., Строкова Е.Г., Бекешев Д.Д., Садиков У.Ч., Осмонова А.Ш., Самигуллина А.Э., Акаев Ж.К. тарабынан демилгеленген "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Премьер-министр

У.А. Марипов

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2021-жылдын 26-февралындагы
№ 59 токтому менен
жактырылган

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Нурбаев А.М., Никитенко Н.В., Токторов А.С., Строкова Е.Г., Бекешев Д.Д., Садиков У.Ч., Осмонова А.Ш., Самигуллина А.Э., Акаев Ж.К. тарабынан демилгеленген ''Билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.

1. Ушул мыйзамдын долбоору менен "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесин 4-бөлүк менен толуктоо сунушталат, ага ылайык мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин (жогорку окуу жайлардын жетекчилеринен сырткары) дайындоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипке ылайык конкурстук негизде жүргүзүлөт.

Ошону менен бирге, жогоруда аталган Мыйзамдын 38-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, мектептердин, балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын мектептен тышкаркы, атайын жана кошумча билим берүү уюмдарынын, кесиптик башталгыч жана кесиптик орто билим берүү окуу жайларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, ал эми жергиликтүү бюджеттен каржылануучу уюмдардыкы - билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун региондук органы тарабынан дайындала тургандыгын белгилөө зарыл.

Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоо маселеси боюнча жоболорду колдонуу практикасында карама-каршылыктарды болтурбоо үчүн жогоруда аталган Мыйзамдын 38-беренесинин көрсөтүлгөн ченемин кайра карап чыгуу зарыл.

2. Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында көрсөтүлгөн маалыматка ылайык бул мыйзамдын долбоорун кабыл алууда республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражатты бөлүү талап кылынбайт.

Бирок сунушталган мыйзамдын долбоорунда белгиленген иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө тийиштүү ресурстук камсыздоо талап кылына тургандыгын эске алуу керек.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдын ала эсеби боюнча аталган мыйзамдын долбоорун ишке ашырууга 1184225 (бир миллион жүз сексен төрт миң эки жүз жыйырма беш) сом талап кылынат, анын ичинен:

- төмөнкү багыттар боюнча тесттик тапшырмаларды иштеп чыгууга: "Башкаруучулук менеджмент" - 90000 (токсон миң) сом, "Финансы" - 60000 (алтымыш миң) сом, "Маалымат-коммуникациялык технологиялар" - 30000 (отуз миң) сом, "Педагогика" - 45000 (кырк беш миң) сом, "Психология" - 45000 (кырк беш миң) сом, "Мыйзам чыгаруу базасы" - 90000 (токсон миң) сом;

- тесттик тапшырмаларды которууга: орус тилинен кыргыз тилине - 70000 (жетимиш миң) сом, өзбек тилине - 80000 (сексен миң) сом, тажик тилине - 140000 (жүз кырк миң) сом;

- тесттик тапшырмаларды экспертизадан өткөрүүгө - 360000 (үч жүз алтымыш миң) сом;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төлөмдөрдү которууга - 17,25 пайыз же 174225 (жүз жетимиш төрт миң эки жүз жыйырма беш) сом өлчөмүндө.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык аталган мыйзамдын долбоору кабыл алынса, аны ишке ашырууну Кыргыз Республикасындагы Европа Бирлигинин өкүлчүлүгүнүн финансылык колдоосунун эсебинен жүргүзүү пландалууда.

Ошого байланыштуу, мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катын бул мыйзамдын долбоорунда белгиленген иш-чараларды каржылоо жөнүндө маалымат менен толуктоону сунуштайбыз.

3. Каралып жаткан мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин биринчи абзацы менен бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кире тургандыгы белгиленген.

Мында мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин үчүнчү абзацы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айлык мөөнөттө каралып жаткан мыйзамдын долбооруна ылайык келтирүү тапшырмасы берилген.

Ушуга байланыштуу, Мыйзамдын жана мыйзам алдындагы актылардын ортосундагы вакуумду болтурбоо максатында мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин биринчи абзацында Мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн узартууну сунуштайбыз.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган мыйзамдын долбоорун ушул корутундуда баяндалган сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар