“Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору жөнүндө" ЖОБО

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору жөнүндө"

ЖОБО

 

I. Жалпы жобо

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору", мындан ары "сектор", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31 -декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” №897 токтомуна ылайык түзүлгөн.
  2. Сектордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги эсептелет, юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 257.
  3. Сектор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин токтомдорун жана буйруктарын, ошондой эле ушул жобону жетекчиликке алат.
  4. Сектор өз ишин мамлекеттик бийлик уюмдары, “менчик түрүнө карабастан мектепке чейинки, мектеп, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары жана башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары” мындан ары “менчик түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдары”, жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары, ошондой эле башка мекемелер, бирикмелер, ишканалар, уюмдар, коомдор, фонддор жана жарандар менен биргеликте жүргүзөт.
  5. Сектор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча, бекитилген мамлекеттик стратегиялардын, программалардын жана пландардын негизинде өз ишин пландаштырат жана өнүгүүсүн аныктайт.
  6. Сектордун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 257.
  7. Секторду түзүүгө жана анын ишине тийиштүү ушул жободо чагылдырылбай калган бардык маселелер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана укуктук ченемдик актыларына ылайык жөнгө салынат.
  8. Расмий аталышы:
  • мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору";
  • расмий тилде: "Сектор развития государственного языка Министерство образования и науки Кыргызской Республики".

 

  1. Сектордун максаттары жана милдеттери
  1. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору Кыргыз Республикасынын аймагындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн бирдиктүү саясатын калыптандырууну жүзөгө ашырат.
  2. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик иши жөнүндө" Мыйзамына жана башка Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган укуктук ченемдик актыларга ылайык Секторго жүктөлгөн негизги милдеттер төмөнкүлөр:
  1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди сактоону, өнүктүрүүнү камсыздоо жана анын эл аралык кадыр-баркын бекемдөө;
  2. Мамлекеттик тилди Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аппаратынын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, менчик түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарынын ишинде толук колдонулушун камсыз кылуу;
  3. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аппаратынын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, менчик түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарынын ишин координациялоо.
  4. Жарандардын жана юридикалык жактардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларын, суроо-талаптарын жана арыздарын өз убагында кароону камсыз кылуу;

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аппаратынын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө, менчик түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборунун алдындагы КЫРГЫЗТЕСТ мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалай турган системаны («Кыргызтест») киргизүү жана координациялоо.

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборунун алдындагы КЫРГЫЗТЕСТ аркылуу мыйзамдарга ылайык мамлекеттик тилди эркин билүүгө милдеттүү кызмат адамдарынын мамлекеттик тилди билүү даражасын аныктоо;
  2. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатындагы кадрларды даярдоого жана алардын квалификациясынын жогорулатууга көмөк көрсөтүү;

 

III. Сектордун негизги иш-милдеттери

11. Сектор көрсөтүлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:

  • Сектордун компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикаксынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин токтомдорун, буйруктарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аппараты, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү жана менчик түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдары тарабынан өз убагында аткарылышын көзөмөлгө алуу;
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аппаратынын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматчылары үчүн практикалык сабактарды, мамлекеттик тилди үйрөнүү жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча курстарды уюштуруу жана өткөрүү;
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аппаратында, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүндө Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган семинарларды, конференцияларды, тегерек столдорду уюштуруу жана өткөрүү;
  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө тексттерди мамлекеттик тилге которууда кеңеш берүү, жардам көрсөтүү;
  2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүндө, менчик түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарында жарнамалардын, көрнөктөрдүн, жарыялардын жана башка көрсөтмө маалыматтардын тексттерин мамлекеттик тилде болушун көзөмөлгө алуу;
  3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аппаратына, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө, менчик түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарына, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө усулдук көмөк көрсөтүү;
  4. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аппаратынын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн иштерине көзөмөл жүргүзүү;
  5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча республикалык иш-чараларды, сынактарды уюштуруу жана өткөрүү;
  6. Зарыл окуу китеп, хрестоматия, сөздүктөрдү, мамлекеттик тилдеги рухий мурастарды пропагандалоого жана көркөм сөз байлыгын өркүндөтүүгө багытталган башка адабияттарды басып чыгаруунун тематикалык пландарын бекитип, алардын аткарылышын контролдоо;

 

IV. Сектордун укуктары

12. Сектор төмөнкү укуктарга ээ:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Сектордун милдеттерин жана функцияларын аткарууга багытталган аракеттерди жүзөгө ашырууга;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Сектордун ишин камсыздоого багытталган келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды түзүүгө;
  • Сектордун ишинин укуктук ченемдик базасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;

-       Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аппаратында, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүндө, менчик түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарында, сектордун ищ чөйрөсүнө тиешелүү маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;

  1. Сектордун компетенциясына кирген маселелер боюнча комиссиялардын, атайын жумушчу топтордун иштерине катышууга;
  2. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү саясатын ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донорлордун гранттарын тартууга;
  3. Сектордун компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын ишине катышууга;
  4. Жалпыга маалымдоо каражаттарына сектордун иштери боюнча тийиштүү маалыматтарды жайгаштырууга.
  5. Координациялык жана кеңешүүчү, анын ичинде белгиленген иш чөйрөсүндө ведомстволор аралык органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзөт;
  6. Бекитилген мамлекеттик стратегияларды, программаларды жана пландарды ишке ашыруу маселелери боюнча текшерүү жүргүзүүнү укук коргоо жана фискалдык органдарга сунуш кылууга;
  7. мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иштин натыйжасы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө.

 

V. Секторду материалдык-финансылык жактан камсыздоо

  • Секторго мүлк Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет.
  • Сектор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген мүлктү (негизги каражаттарды) тескей алат.
  • Секторду күтүүгө чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген чыгымдар сметасына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.

 

VI. Сектордун ишин уюштуруу

  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги секторду башкаруунун жогорку органы болуп саналат.
  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
  • Сектор жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана бекитүү;
  • Сектордун түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
  • Секторду кайра уюштуруу же жоюу;
  • функциялардын аткарылышын жана ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык сектордун башчысын дайындоону жана бошотууну жүзөгө ашыруу;
  • Сектордун ишин көзөмөлдөө;
  • Мыйзамдарга ылайык буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
  • Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдык актылардын, аны өнүтүрүү боюнча программалардын аткарылышы боюнча мамлекеттик органдардын жана мекемелердин отчетторун угат жана алар боюнча корутунду чыгарып, аткаруу үчүн сунуштамаларды берет;
  • Сектордун алдында Окуу борбору иштейт, ал өзүн-өзү каржылоо шартында иштейт.
  1. Сектордун ишине жетекчиликти сектордун башчысы жүргүзөт.
  2. Сектордун башчысы:

  1) Секторду жетектейт, анын күнүмдүк иштерин уюштурат жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу менен ушул жобого ылайык аны жетектейт;

  2) Сектордун ишине тийиштүү жана ушул жобого каршы келбеген     маселелерди өз алдынча чечет;

  3) Сектордун ишин камсыз кылуучу документтерге кол коюу укугуна ээ, өзүнүн буйругу менен өзүнүн ыйгарым укуктарынын бөлүгүн же бардыгын буйруктун же ишеним каттын негизинде сектордун ыйгарым укуктуу кызматкерлерине өткөрүп бере алат;

 4)  Сектордун атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт, аны бардык уюмдар, юридикалык жана жеке жактарга таанытат;

5) Тийиштүү бюджеттик финансы каражаттарын жана башка ресурстарды сурайт жана алат, аларды ушул жобону, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин токтомдорун, буйруктарын жана тапшырмаларын аткарууга багытталган, бекитилген программаларды, долбоорлорду, пландарды жана иш-чараларды ишке ашыруу үчүн керектөөсүнүн натыйжасында аларды тескей алат;

6) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамына жана бекитилген штаттык расписаниеге ылайык бош административдик кызматка орун ээлөө сынагынын жыйынтыгы боюнча сектордун кызматчылары менен ишке кабыл алуу жөнүндө эмгек келишим түзөт жана эмгек келишимди буза алат;

  1. Сектордун бардык кызматчылары тарабынан милдеттүү аткаруу үчүн буйруктарды чыгарат, кызмат милдеттерин бекитет;
  2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген сметага ылайык сектордун кызматчыларына сыйлоо жана жаза көрүү чараларын көрөт;
  3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана өндүрүштүк зарылчылыкка ылайык сектордун иш тартибин белгилейт;

 Сектордун бардык штаттагы кызматчыларына милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет, чарбалык жана башка келишимдерди, макулдашууларды түзөт;

  • Сектордун атынан бардык укук мамилелерине катышат, келишимдерди контракттарды жана макулдашууларды түзөт, аларды мөөр менен тастыктайт;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул жобонун алкагында, сектордун ишин жана ага жүктөлгөн милдеттерди камсыз кылуу үчүн зарыл болгон милдеттерди, аракеттерди аткарат.

 

VII. Сектордун отчеттуулугу

Сектор өзүнүн ишине анализди жүзөгө ашырат, белгиленген тартипте статистикалык отчет жүргүзөт жана отчеттуулукту жүргүзүү тартибинин сакталышына жана анын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

VIII. Эмгек мамилелери

Сектор кызматкерлердин квалификациялык курамын аныктайт. Сектордун администрациясы менен кызматкерлердин ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамымын ченемдери менен жөнгө салынат.

Сектордун кызматкерлеринин иши жана эс алуу режими, алардын социалдык камсыздалышы, социалдык камсыздандыруусу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамынын чегинде жөнгө салынат.

 

IX. Секторду кайра уюштуруу жана жоюу

  1. Секторду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамында каралган тартипте ишке ашырылат.
  2. Сектордун ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин чечими же соттун чечими боюнча жүргүзүлөт.
  3. Юридикалык жактардын мамлекеттик тизмесине тийиштүү жазууну киргизген учурдан тартып жоюу аяктады деп эсептелет.
  4. Сектордун иш процессинде пайда болгон документтер, аны жойгон учурда, архивдик иш маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.

 

X. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун кызматкерлери билүүгө зарыл болгон тармактык мыйзамдар:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1- октябрындагы №510 токтомуна ылайык “Кыргыз Республикасында 2021-025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн  программасы жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Президентинин  2018-жылдын 31-октябрындагы №221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу алкагында “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
  4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы №958 “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук, материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” токтому;
  5. Ушул Нускаманы;

мамлекеттик кызматчылардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актыларын.

  1. Менеджмент негиздери;
  2. Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди, ошондой эле чет тилин (зарылчылыкка жараша) билүүсү.

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар