Жобо

 

№1 тиркеме

                                        Кыргыз Республикасынын

                                        Билим берүү жана илим министрлигинин

                                        2019-жылдын “18” ноябрында

                                        № 1339/1 буйругу менен

                                        БЕКИТИЛДИ

 

 

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын окуучуларына ыктыярдуу негизде республикалык

(сынамак жана негизги) тест жүргүзүү жөнүндө

ЖОБО

 

I.        Жалпы жоболор

II.      Тестти өткөрүү жайы жана мөөнөттөрү

III.     Тестти уюштуруу жана өткөрүү тартиби

IV.     Тестке катышуунун тартиби

V.      Тесттердин дизайны

VI.     Тесттин жыйынтыгын чыгаруу

VII.    Тестти каржылоо

 

 

          Бул жобо КР Билим бер жана илим министрлигинин Улуттук билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору (мындан ары - Борбор) тарабынан ар жылы өткөрүлүүчү ыктыярдуу тесттерди өткөрүү тартибин жөнгө салат.

 

I.        Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын бардык түрдөгү жана менчик таризиндеги жалпы билим берүүчү уюмдарынын окуучуларына ыктыярдуу негизде тест жүргүзүү төмөнкү максаттар менен өткөрүлөт:

- бардык баскычтагы жалпы билим берүүчү уюмдун окуучуларынын билим алуудагы жетишкендиктеринин деңгээлин көз карандысыз баалоо;

- 9, 10 жана 11-класстын окуучуларын мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга, көчүрүү жана кирүү экзамендерине сапаттуу даярдоо;

- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын окуучуларынын билимин жана жөндөмдөрүн текшерүүнүн тесттик таризин колдонуу;

- тест тапшыруу көндүмдөрүнө ээ болуу.

2. Жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучуларына ыктыярдуу негизде тесттерди өткөрүү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектептик, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгы (мындан ары – КР БИМ МЧММТББ ), анын түзүмдүк бөлүмдөрү жана Борбор тарабынан ишке ашырылат.

 

II. Өткөрүү жери жана мөөнөттөрү

3.   9, 10, 11-класстардын окуучуларынын сынамак тестирлөөсү октябрдан мартка чейин республиканын бардык аймактарында өткөрүлөт. Кийинки сабактардын ичинен үч сабакка чейин тандап алуу сунушталат: математика, геометрия, физика, химия, биология, тарых, география, эне тили (кыргыз, орус жана өзбек), чет тили (англис, немец жана француз), кыргыз тили (орус жана өзбек тилинде окуган окуучулар үчүн мамлекеттик) жана орус тили (кыргыз тилинде окуган окуучулар үчүн расмий). “Адам жана коом” сабагынан тест 11-класстын окуучулары үчүн гана.

4. 9, 10 жана 11-класстардын окуучуларына негизги тест апрелде – майда республиканын бардык аймактарында жогоруда, 3-п. аталган сабактар боюнча өткөрүлөт.

 

III.     Тестти уюштуруу жана өткөрүү тартиби

5. Ыктыярдуу негизде тестти уюштуруу жана өткөрүү билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун тийиштүү органдарынын (РББ/ШББ) жана жалпы билим берүүчү уюмдардын көмөктөшүүсү менен Борбор тарабынан ушул Жободо аныкталган тартипте ишке ашырылат.

6. Башталгыч, негизги жана орто мектептин окуучуларына тест өткөрүү Борбор менен жалпы билим берүүчү уюмдун ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашырылат. Тест өткөрүү келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө өткөрүлөт.

7. Ыктыярдуу республикалык тест жүргүзүү учурдагы окуу жылынын 9, 10 жана 11-класстарынын окуучуларына тест өткөрүүчү жерди жана мөөнөттөрүн Борбор РББ/ШББ менен биргеликте аныктайт.

8. Тесттин толук убактысы 3 саат 30 мүнөт: тесттен өтүүчүлөргө көрсөтмө берүүгө 30 мүнөт, окуу сабактарынан тест тапшырууга 3 саат. 1 сабактан тест тапшырууга 1 саат берилет.

9. Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы, Ош шаарынын билим берүү башкармалыгы, Баткен, Нарын, Талас, Жалал-Абад областтык усулдук билим берүү борборлору, Ысык-Көл, Ош билим берүү институттары жана Чүй областтык усулдук билим берүү бөлүмү тарабынан райондук билим берүү бөлүмдөрү менен биргеликте даярдык көрүү иштери жүргүзүлөт:

- бекитилген тариз боюнча (мектептер жана класстар боюнча) тесттен өтүүнү каалаган окуучуларды каттоодон өткөрүү жана Борборго өз убагында өтүнмөнү берүү;

- аймактык тест өткөрүү жайларын түзүү (мындан ары - ТӨЖ) жана базалык мектептерди аныктоо (ТӨЖдө 150 окуучудан кем эмес);

- мектептердин базасында ар бир класста катар саны коюлган 20дан кем эмес орунду, актылар жана спорт залдарында катар саны коюлган 70тен кем эмес орунду даярдоо;

- ар бир аймак, ТӨЖ, мектеп жана класс боюнча жооптууларды дайындоо;

- тесттин катышуучуларына тамактануунун шарттарын, ошондой эле окуучулардын укуктарын, жашоосун жана ден соолугун сактоону эске алуучу шарттарды камсыздоо;

- тест тапшырууну каалаган бардык катышуучуларга жана алардын ата-энесине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) бул Жобо жөнүндө маалымат берүү.

10.     Окуучулар ТӨЖдө тестке кирүү үчүн инсандыгын күбөлөндүрүүчү кийинки документтердин негизинде тастыктоодон өтүшөт: паспорт, сүрөт менен мектептин мөөрү басылган маалымкат, Борбордун каттоо баракчасы. Каттоодон өткөндөн кийин окуучу каттоо баракчасында көрсөтүлгөн аудиториядан орун алат. Окуучулар үчүн катар саны белгиленген орундар бири-биринен 1-1,5 метр аралыкта жайгаштырылат.

11. Тест башталганга чейин администраторлор окуучуларга жооптордун баракчасын толтуруу, тесттер менен иштөө жана ТӨЖдө жүрүм-турум эрежелери боюнча көрсөтмө беришет. Окуучуларга көрсөтмө берүүгө жана жооптордун баракчасынын маалыматтык бөлүгүн толтуруу үчүн 30 мүнөт берилет.

12.     Борбор билим берүүнү мамлекеттик башкаруу органдарынын (РББ/ШББ) көмөктөшүүсү менен жалпы билим берүүчү уюмдарында бекитилген ТӨЖдүн ишин аныктайт жана багыттайт.

13.     Администраторлор ТӨЖдүн ар бир классында / аудиториясында тесттин өткөнү жөнүндө протоколду түзүшөт.

14. Тест өткөрүү учурунда окуучулар тест администраторлорунун көрсөтмөлөрүн так аткаруу милдеттүү. Сүйлөшүүгө, ордунан турууга, уруксатсыз орун алмаштырууга, тест тапшырмаларын берип, алууга, тесттик материалды жашырууга ж.б. тыюу салынат.

15. Окуучуларга уюлдук телефондорду же байланыштын башка техникалык каражаттарын, жазуу түрүндөгү басылмаларды жанына алып кирүүгө жана колдонууга, оңдоп түзөтүүчү калемди колдонууга тыюу салынат. Аталган талаптар бузулган учурда администратордун кол тамгасы менен протокол түзүлүп, окуучу тест тапшыруу укугунан ажырайт жана экзаменден четтетилет.

16. Тест материалдары жоголгон учурда, тест тапшыруучу тесттин эрежесин бузса же жасалма документтерди жана жалган маалыматты берсе, Борбор тесттин жыйынтыктарын жокко чыгарууга укуктуу.

17. Табигый-математикалык циклдеги сабактар боюнча тесттерди аткаруу учурунда тест тапшыруучу тест баракчалардын бош жерлеринде эсептин жолун көрсөткөн чыгарылыштарды жазат, сүрөттөрдү, чиймелерди тартат.

18. Тест бүткөндөн кийин окуучулар тест материалдарын администраторлорго тапшырышат. Тест администраторлор каттоо номеринин, тесттердин вариантынын жана жооптордун баракчасынын маалыматтык бөлүгүнүн туура толтурулушун текшеришет. Жооптор баракчасынын маалыматтык бөлүгү туура эмес толтурулган учурда окуучу кемчиликтерди дароо оңдойт.

19. Базалык мектептердин администрациясы (ТӨЖ):

- жалпы билим берүүчү уюмдун имаратын даярдоо боюнча көзөмөл жүргүзөт: санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, башталгыч мектептин жана медициналык кызматкерлерден нөөмөтчүлөрдү дайындоо;

- тестти өткөрүү учурунда мектептин ашканасынын ишин камсыздайт;

- тест башталганга чейин бир күн мурда РББ/ШББнын адистери же Борбордун администраторлору менен биргеликте ТӨЖдүн бул Жободо белгиленген талаптарга ылайык даярдыгын кабыл алат.

20. Борбор:

- тестти уюштуруу менен өткөрүүдө бирдей талаптардын сакталышына жетекчилик кылат жана көзөмөл жүргүзөт;

- жалпы билим берүүчү уюмдардын жетекчилерине жана мугалимдерине, окуучуларга жана алардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) маалыматтык-түшүндүрүү иштерин этап боюнча уюштуруп, өткөрөт;

- Тесттик материалдарды ТӨЖгө жана кайра Борборго жеткирүү тартибин камсыздайт, мөөнөттөрдү жана транспорттук схемаларды белгилейт;

- окуучуларды каттоо тариздерин аныктайт;

- окуу сабактары боюнча тесттин жыйынтыктарын баалоо тутумун иштеп чыгат;

- тест маалыматтарын чыгаруу ыгы менен жол-жоболорун даярдайт;

- негизги жана орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик программаларына ылайык келүүчү тесттердин топтомун берет;

- тестке катышкан бардык окуучулар үчүн бирдей шарттардын түзүлүшүн камсыздайт;

- тесттик материалдарды түзүүдө, сактоодо жана тесттин жыйынтыктарын чыгарууда купуялуулук менен адилеттүүлүктү камсыздайт;

- жыйынтык чыгарууну жана тесттин жыйынтыктарын аны өткөргөн күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде берүүнү камсыздайт;

- тесттен өтүүчү окуучулар жөнүндө маалыматтын электрондук архивин (банкын) түзөт;

21. Борбор ыктыярдуу тестти өткөрүү үчүн мугалимдер (окутуучулар) коомчулугунун жана кызматкерлерден тест администраторлорун курайт.

Администратордун иш алып баруу тартиби төмөнкү милдеттерге ылайык бекитилет:

- аудиторияларда (залдарда) тесттин эрежелерин сактоону камсыздоо;

- жооптордун баракчаларынын, тесттик китепченин баш баракчасынын туура толтурулушун так камсыздоо;

- тесттик материалдардын сакталышын жана купуялуулугун сактоо;

- алынган тесттик материалдардын так болушун камсыздоо;

- администраторлордун тесттин аягына чейин аудиторияда (залда) эрежелерди сактоосу;

- педагогикалык этиканы сактоо, тесттин катышуучуларына, мугалимдерге жана ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) карата жагымдуу чөйрөнү түзүү;

-         тесттик тапшырмалардын сакталышын жана тест аяктагандан кийин Борборго жеткирүүнү камсыздоо. Тесттик тапшырмалар жана жооптордун баракчалары Борборго таңгакталып оролуп, мектептин мөөрү басылып жеткирилиши керек.

22. Окуучуларга тест жүргүзүү кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.

23. Тест (сынамак жана негизги) акы төлөөнүн негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өткөрүлөт.

24. II, III топтогу майып жана тоголок жетим балдар тестке акысыз негизде катыша алат. Бул учурда мектеп өтүнмөнү тастыктоочу документтер (көчүрмөсү) менен берет.

 

IV.     Тестке катышуунун тартиби

25. Тест учурунда окуучулардын иш столунда, экзамендик материалдардан тышкары төмөнкүлөр болушу керек:

а)       шариктүү, кара (же көк) сыялуу 2 калемсап;

б)       инсандыгын тастыктоочу документ;

г)       дары жана тамак-аш (зарыл болсо);

Бул жободо каралбаган башка буюмдарды окуучулар аудиторияда жеке буюмдарга атайын бөлүнгөн жерге калтырышат.

26. Окуучуларды коштоого жана алардын ден соолугунун жана өмүрүнүн коопсуздугуна жооптуу адам окуучулардын өз убагында ТӨЖгө келүүсү жана кайра үйгө кайтуусуна жооп берет.

 

V. Тесттердин дизайны

 

27.     Тесттердин дизайны жана тест өткөрүүнүн жол-жоболору стандартташтырылган тариздерде берилет. Стандартташтыруу тестке даярдануу жол-жоболорун, тестти өткөрүү шарттарын, жыйынтыктарды чыгаруу жана аларды чечмелөөнү камтыйт.

28. Тесттер толугу менен Кыргыз Республикасынын билим берүү программаларына жана мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык, окутуу сабактарынын мазмунун чагылдырат. Стандартташтырылган тесттер төмөнкү тесттик тапшырмалардын типтери менен берилет:

-         жабык (бир туура жоопту тандоо менен);

-         ачык (кыскача жооп менен);

-         туура ырааттуулукту белгилөөгө карата;

-         дал келүүнү белгилөөгө карата.

Жабык типтеги тесттик тапшырма – сунушталган жооптордун ичинен бир туура жоопту тандоо тапшырмасы.

Кыскача жообу менен ачык типтеги тесттик тапшырма – тест тапшыруучу жоопту өзү таба турган тапшырма. Табигый – математикалык сабактар боюнча – ал бүтүн сан.

Туура ырааттуулукту белгилөөгө карата тесттик тапшырма – тапшырма кайсы бир топтордун бир өңчөй элементтеринен жана бул элементтерди иретке келтирүүнүн так туюндурмасынан турат.

Дал келүүнү белгилөөгө карата тесттик тапшырма – тапшырма элементтердин эки тобунан жана алардын ортосундагы дал келүүлөрдү тандап алуу критерийинин так туюндурмасынан турат. Дал келүү 1:1 принциби боюнча белгиленет (1-топтун элементине 2-топтун бир гана элементи ылайык келет).

 

 

VI. Тестирлөөнүн жыйынтыгын чыгаруу

 

29. Тесттин жыйынтыгы ар бир предмет боюнча өзүнчө аныкталат.

“Эң жакшы” баасы жалпы баллдын 75%дан кем эмес баллына коюлат;

“Жакшы” баасы жалпы баллдын 60%дан кем эмес баллына коюлат;

“Канааттандырарлык” баасы жалпы баллдын 45%дан кем эмес баллына коюлат;

“Канааттандырарлык эмес” деген баа жалпы баллдын 44%на жана андан төмөн баллдар үчүн коюлат.

30. Лицейлер, гимназиялар жана башка билим берүүчү уюмдар тереңдетилип окутулган сабактарга (сабакка) «3», «4», «5» деген бааларды коюуга баллдардын санын өз алдынча аныкташат, бирок алар аталган Жобонун 29-пунктунда аныкталган баллдардын санынан төмөн болбошу керек.

31. Тесттин жыйынтыктары Борбордо чыгарылат. Окуучулардын даярдык деңгээли заманбап, илимий негизделген баалоонун ыкмаларын колдонуу менен автоматташтырылган түрдө аныкталат. Негизги тесттин жыйынтыктары бекитилип, Борбордун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

32. Жалпы билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кеңештери окуучулардын арызы боюнча сынамак тесттердин жыйынтыктарын тийиштүү предметтер боюнча күнүмдүк (чейректик) баа катары, ал эми негизги (апрель-май) тестирлөөнүн жыйынтыктарын тийиштүү предметтер боюнча көчүрүүчү (10-класс) жана бүтүрүүчү (9 жана 11-класс) экзамендик баа (оозеки экзамен) катары эсептөө укугуна ээ.

33. Окуучулардын арызы боюнча жалпы билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кеңештери математика боюнча, эне тили (кыргыз, орус, өзбек), кыргыз (мамлекеттик) жана орус (расмий) тилдери боюнча сынамак жана негизги (апрель-май) тесттердин жыйынтыктарын (9, 10 жана 11- класстар) күнүмдүк баалар катары эсепке алуу чечимин кабыл алышат.

34. Башталгыч, негизги жана орто мектептин окуучуларына келишимдик негизде жүргүзүлгөн тесттердин жыйынтыгы окуучулардын арызы боюнча жалпы билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кеңештери тарабынан тийиштүү сабактар боюнча күнүмдүк баалар катары эсепке алуу чечимин кабыл алат.

35. Ыктыярдуу тесттердин бардык түрлөрүнүн жыйынтыктары боюнча даттануулар каралбайт.

 

VII. Тестти каржылоо

36. Тест өтүүчү жерге келүү боюнча чыгымдарды ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төлөшөт.

37. Тестке балдарды коштоп барган жооптуу адамдарды иш-сапарга жиберүү билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун аймактык органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.  

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар