«Билим берүү мекемелерин 2021-2022-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө»

«Билим берүү мекемелерин 2021-2022-жылдын

күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» № 137 токтомун аткаруу үчүн Кыргыз Республикаcынын билим берүү мекемелерин 2021-2022-жылдын күз-кыш мезгилине өз учурунда даярдоо максатында буйрук кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги 137 токтому жетекчиликке алынып, ишке ашырылсын.

2. Билим берүү мекемелерин 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иштөөчү төмөнкү курамдагы туруктуу штабы түзүлсүн:

Б.Д. Купешев

  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, штабдын төрагасы;

К.Т. Шадыханов

  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана  илим министрлигинин статс-катчы, штабдын төрагасынын орун басары;

Мүчөлөрү:

 

Н.С. Джусупбекова

  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана  илим министринин орун басары;

Н.К. Омуров

  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана  илим министринин орун басары;

А.Т. Абдраева

  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана  илим министринин орун басары;

Г.М. Абылкасымова

  • Жогорку орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы;

М.Дж. Усеналиев

  • Мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы;

А.К. Баймуратова

  • Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын башчысы;

Б.А. Ибрагимов

  • Башталгыч кесиптик орто билим берүү башкармалыгынын башчысы;

Б.А. Кадыркулов

  • Мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмүнүн башчысы;

К.А. Чекиров

  • «Кут Билим» гезитинин башкы редактору.

 

3. Билим берүү объекттерин күз-кыш мезгилине даярдоо үчүн персоналдык жоопкерчилик башталгыч кесиптик, жогорку жана орто окуу жайларынын ректорлору менен директорлоруна, Баткен, Талас, Жалал-Абад, Нарын жана Чүй облустук усулдук билим берүү борборлорунун,  Ош жана Ысык-Көл билим берүү институттарынын, Ош жана Бишкек шаардык билим берүү башкармалыктарынын, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, жалпы билим берүүчү мекемелердин, балдар үйлөрүнүн, интернат тибиндеги мекемелердин жетекчилерине жүктөлсүн жана төмөндөгү иш чараларды аткаруу милдеттендирилсин:

- билим берүү мекемелеринин күз-кыш мезгилине даярдоо жана көзөмөлдөө боюнча туруктуу иштөөчү штабдар  түзүлсүн;

- 2021-жылдын 1-июлуна чейин бюджеттик мекемелер үчүн көмүр сатып алуу боюнча жеңүүчүнү аныктоо үчүн конкурстук тоорук-соодаларды өткөрүп, жеңүүчүсүн аныктап жана келишим түзүп, аларды Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигине жана көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлсүн;

- ар жуманын 5-күнүнө саат 12.00гө чейин министрликтин Мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмүнө көмүр сатып алуу боюнча өткөрүлгөн конкурстук тоорук-соодалар жөнүндө маалымат берилсин (ф. 0312 621220, 665407 эл. дарек: m.myktybekova@list.ru, aknurarstanbekova@gmail.com ).

- электр энергиясын  пайдалануучу жылытуу отканаларын этап-этабы менен альтернативдүү жылуулук пайдаланууга которуу боюнча иштер улантылсын;

- 2021-жылдын 1-сентябрына чейин бардык окуу корпустарында, жатаканаларда, жалпы билим берүү жана жатак мекемелеринде сырткы жылуулук тармактар, жылытуучу курулмалар, элеватордук түйүндөр, ички сантехника (жылуулук, суу жүрүүчү түтүктөр, канализациялар) боюнча профилактикалык алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлсүн;

- жылуулук менен сууну эсептөөчү приборлорду орнотуу боюнча тийиштүү  иш чаралар кабыл алынсын;

- алдыда турган кыш мезгилине карата көмүрдү өз учурунда ташып келүүгө жана отундун керектүү сандагы запасын түзүү камсыз кылынсын;

- 2021-жылдын 15-августуна чейин окуу бөлмөлөрүндө, жатаканаларда жана мектептерде оңдоо иштерин өз учурунда жүргүзүү боюнча бардык иш-чараларга кам көрүлсүн;

- 2021-жылдын 10-июнунан баштап 2022-жылдын 20-апрелине чейин ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 1-күнүнө карата, айдын 5-күнүнөн кечиктирбестен  кышка даярдыктын жүрүшү, мекемелердин күз-кыш мезгилинен өткөрүүнүн абалы  жана отун камдоо боюнча пландык тапшырмалардын аткарылышын камсыздоо жөнүндө министрликтин Инфраструктура жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнө маалымат берилсин (ф. 0312 621220, 665407 эл. дарек: m.myktybekova@list.ru, aknurarstanbekova@gmail.com );

- электр жана жылуулук энергиянын белгиленген ченемден ашык керектелүүсүнө жол берилбесин.

4. Мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмү                  (Б.А. Кадыркулов) 2021-жылдын 20-августуна чейин билим берүү мекемелеринин алдыдагы күз-кыш мезгилдеги ишке даярдыгын комиссия менен текшерүүгө алсын.

5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгы (А.К. Баймуратова):

- өз учурунда коммуналдык тейлөөгө акча каражатын ачып, бюджеттик мекемелер үчүн көмүр сатып алууга өзгөчө көңүл буруу менен акча каражатын учурунда бөлүп берсин.

6. Балдар менен өспүрүмдөрдүн өмүрүн жана ден-соолугун сактоо, өрткө каршы коопсуздукту күчөтүү жана республиканын мектеп окуучулары, жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери тарабынан техникалык коопсуздук эрежелерди аткаруу максатында тийиштүү иш-чараларды кабыл алышсын.

7. Буйрук «Кут билим» гезитине жарыялансын (К. Чекиров);

8. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

«О подготовке образовательных организаций

к осенне-зимнему периоду 2021/2022 года»

 

В целях своевременной подготовки образовательных организаций республики к осенне-зимнему периоду 2021/2022 года и во исполнение постановления Правительства Кыргызской Республики № 137 от 9 апреля 2021 года «О подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской Республики к осенне-зимнему периоду 2021/2022 года», приказываю:

 

1. Принять к руководству и исполнению постановление Правительства Кыргызской Республики «О подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской Республики к осенне-зимнему периоду 2021/2022 года» № 137 от 9 апреля 2021 года.

2. Создать при Министерстве образования и науки Кыргызской Республики постоянно действующий штаб по подготовке образовательных организаций к осенне-зимнему периоду 2021/2022 года в следующем составе:

Купешев Б.Д.

  • министр образования и науки Кыргызской Республики, председатель штаба;

Шадыханов К.Т.

  • статс-секретарь министерства образования и науки Кыргызской Республики, заместитель председателя  штаба;

Члены штаба:

 

Джусупбекова Н.С.

  • заместитель министра образования и науки Кыргызской Республики;

Омуров Н.К.

  • заместитель министра образования и науки Кыргызской Республики;

Абдраева А.Т.

  • заместитель министра образования и науки Кыргызской Республики;

Абылкасымова Г.М.

  • начальник Управления профессионального образования;

Усеналиев М.Дж.

  • начальник Управления школьного и внешкольного образования;

Баймуратова А.К.

  • начальник Управления бюджетной политики и финансового анализа;

Ибрагимов Б.А.

  • начальник Управления начального профессионального образования;

Кадыркулов Б.А.

  • заведующий Отделом государственных закупок и инфраструктуры;

Чекиров К.А.

  • главный редактор газеты «Кут Билим».

 

3. Возложить персональную ответственность за подготовку объектов образования к работе в осенне-зимний период на ректоров высших учебных заведений директоров средних профессиональных учебных заведений, руководителей Баткенского, Таласского, Джалалбадского, Нарынского и Чуйского областных методических центров образования, Ошского и Иссык-Кульского институтов образования, городских управлений образования г.Ош и г.Бишкек, районных и городских отделов  образования, директоров общеобразовательных организаций, детских домов, учреждений интернатного типа и обязать их своевременно выполнять следующие мероприятия:

- создать постоянно действующие рабочие штабы по координации и контролю за ходом подготовки объектов образования к осенне-зимнему периоду;

- до 1 июля 2021 года провести конкурсные торги по определению поставщиков топлива для бюджетных организаций, заключить с ними договоры и представить их в Министерство финансов и экономики Кыргызской Республики, копии в Министерство образования и науки Кыргызской Республики;

- еженедельно в пятницу до 12.00 часов представлять информацию о проведении конкурсных торгов на поставку угля в Отдел государственных закупок и инфраструктуры министерства (ф. 0312 621220, 665407 , эл. адрес: m.myktybekova@list.ru, aknurarstanbekova@gmail.com );

- продолжить работу по переводу источников теплоснабжения, использующих электроэнергию для целей отопления на альтернативные виды топлива;

- до 1 сентября 2021 года произвести профилактические мероприятия по наружным тепловым сетям, котельным, элеваторным узлам, внутренним сантехническим системам (отопление, водопровод, канализация), электрораспределительным щитам, приборам потребления и учета во всех учебных корпусах, общежитиях, общеобразовательных школах и интернатных учреждениях;

- принять меры по установке приборов учета тепла и воды;

       - обеспечить своевременный завоз угля и создать в необходимом количестве запас топлива на предстоящий зимний период;

- принять все меры по своевременному проведению ремонтных работ в учебных помещениях, общежитиях и школах к 20 августа 2021 года;

- начиная с 10 июня 2021 года по 20 апреля 2022 года ежемесячно представлять в Отдел государственных закупок и инфраструктуры министерства (ф. 0312 621220, 665407 , эл. адрес: m.myktybekova@list.ru, aknurarstanbekova@gmail.com); информацию о ходе подготовки и прохождения образовательными организациями осенне-зимнего периода по состоянию на 1 число, не позднее 5 числа месяца, следующего за отчетным периодом;

- не допускать превышения установленного лимита потребления электрической и тепловой энергии.

4. Отделу государственных закупок и инфраструктуры (Кадыркулов Б.А.) в срок до 20 августа 2021 года комиссионно проверить готовность отопительных котельных к работе в предстоящем осенне-зимнем периоде.

5. Управлению бюджетной политики и финансового анализа Министерства образования и науки (Баймуратова А.К.):

- обеспечить своевременное открытие финансирования коммунальных услуг, особое внимание, обратив на финансирование закупок твердого топлива для подведомственных республиканских образовательных организаций.

6. В целях охраны жизни и здоровья детей и подростков, принять меры по усилению противопожарной безопасности и выполнения правил техники безопасности учащихся школ, профессиональных лицеев, студентов высших и средних профессиональных учебных заведений республики.

7. Опубликовать настоящий приказ в газете «Кут Билим» (Чекиров К.).

8. Контроль за исполнением настоящего приказа оставляю за собой.

 

 

Министр                                                                           Б.Д. Купешев

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар