КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-майы № 591-VI
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу
(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 1854-VI токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалыматтары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү мамлекеттик кызматчылардын тизмегин кыска мөөнөттөрдө аныктасын;
2) "Мамлекеттик тил жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ № 119 Жарлыгы менен бекитилген 2014-2020-жылдары Кыргыз Республикасында Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү Улуттук программасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилде окутуу жана иш кагаздарын мамлекеттик тилге которуу боюнча чаралар жөнүндө" № 114 жана 2004-жылдын 28-декабрындагы "Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруу жана материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө" № 958 токтомдорун аткарууну камсыз кылсын;
3) "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-29-беренелерин аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
4) Интернет жана башка маалыматтык-технологиялык ресурстар аркылуу мамлекеттик тилди жайылтуу боюнча чараларды көрсүн;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналышында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана көрсөтүлгөн мыйзамды ишке ашырууда кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткарбаган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жоопкерчиликтери жөнүндө маселени карасын;
6) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик уюмдарда жана ишканаларда иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн камсыз кылсын;
7) жалпы билим берүүчү уюмдарда милдеттүү түрдө жазуу жүзүндөгү которулуучу (класстан класска) бүтүрүү экзамендеринин, ал эми башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында - кирүү жана бүтүрүү экзамендеринин мамлекеттик тил боюнча жүргүзүлүшүн камсыз кылсын;
8) орус, өзбек жана тажик тилдеринде окуган окуучулардын 11-классты бүтүрүп чыккандан кийин мамлекеттик тилди толук өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн түзсүн;
9) мамлекеттик тилде окуткан мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдарды жыл сайын ачууну камсыз кылсын;
10) мектепке чейинки мекемелерде мамлекеттик тилде сабак берүү көлөмүн көбөйтсүн;
11) кыргыз, орус жана чет тилдерде окуткан мугалимдердин эмгек акысын 30-50 пайызга көбөйтсүн;
12) мамлекеттик тилде окуткан мектепке чейинки мекемелерге дотация болсун;
13) Жогорку Кеңешке Өкмөт башчысынын жана мүчөлөрүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүн, отчётторун жана баяндамаларын мамлекеттик тилде берүүнү камсыз кылсын;
14) төмөндөгү маселелерди карасын:
- "Кыргыз энциклопедиясы" Башкы редакциясын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мекемесине кайра түзүү жөнүндө;
- көзү начар көргөн жана азиз балдар үчүн атайын сүйлөмө алиппени, аудио китептерди жана сөздүктү басып чыгаруу, компьютердик программаларды иштеп чыгуу жана чыгаруу үчүн каражаттарды бөлүү жөнүндө;
- ар кандай багыттар боюнча илимий китептерди жетиштүү санда басып чыгаруу жана анын электрондук базасын түзүү жөнүндө;
- Интернет аркылуу мамлекеттик тилде окутууну жүзөгө ашырууну каалагандар үчүн программаларды иштеп чыгууга; мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча программаларды иштеп чыгууга каражаттарды бөлүү жөнүндө.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга төмөндөгүлөр сунушталсын:
1) иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана бланктарда, арыздардын, актылардын жана башка иш кагаздарынын түрлөрүнүн үлгүлөрүн толтурууда кыргыз тилинин орфографиясынын ченемдерин сактоо боюнча мамлекеттик органдардын, айыл округдарынын башчыларынын, кредиттик уюмдардын, мамлекеттик каттоо бөлүмдөрүнүн, ЖААК бөлүмдөрүнүн, юридикалык жана нотариалдык конторалардын жана башка мамлекеттик муниципалдык органдардын жетекчилери тарабынан контролду күчөтүү боюнча чараларды көрүү;
2) мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен бирдикте "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча системалык семинарларды, "тегерек столдорду", илимий, илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы "2014-2020-жылдары Кыргыз Республикасында Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ПЖ № 119 Жарлыгына ылайык төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн "Кыргыз тили жана адабияты" предмети боюнча экзамен киргизүүнү;
- 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн азыркы Жалпы республикалык тестирлөөнүн алкактарында "Кыргыз тили жана адабияты" предмети боюнча тестирлөө киргизүүнү;
- "Кыргыз тили жана адабияты", "Кыргызстандын тарыхы" жана "Кыргызстандын географиясы" сабактары боюнча тестирлөөнүн негизинде орто атайын жана жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик комплекстүү аттестациялоону киргизүүнү;
2) мектепке чейинки уюмдарда жана жалпы орто билим берүүчү уюмдарда кыргыз тилин окутуу программасын тутумдаштырууну.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги:
1) телерадио уюмдарынын берүүлөрүнүн программалык концепциясынын аткарылышын контролдоону камсыз кылсын;
2) телерадио уюмдарына лицензияларды берүүдө "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" жана "Телекөрсөтүү жана радио уктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так жетекчиликке алсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жарым жылда бир жолу маалымат берип турсун.
(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 1854-VI токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
|
Төрага |
Ч. Турсунбеков |
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики