2023-жылы мектептерди окуу китептери менен камсыздоого республикалык бюджеттен 152 млн сом бөлүнгөн. Жыл аягына чейин бул каражаттын 136 млн сому (89,3 %) өздөштүрүлгөн. 2024-жылы да мектептерди окуу китептери менен камсыздоого республикалык бюджеттен 152 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күнгө карата бул каражаттын 144 млн сому (95 %) өздөштүрүлдү.
Жалпысынан эки жылда 1 167 935 нускада жаңы окуу китептери жана методикалык колдонмолор басылып чыгып, мектептерге бөлүштүрүлүп берилди. Бул жалпы керектөөнүн 6,8 % түзөт. Мектеп китепканаларында 12 млн ашуун окуу китеби бар, бул жалпы керектөөнүн 70 % түзөт. Анткени ар бир окуучу окуу китептери менен толук камсыз болушу үчүн мектеп китепканаларында 17,2 млн окуу китеби болууга тийиш.
Белгилей кетсек, КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2023-2024-окуу жылынын башында мектеп окуучуларынын саны 1 млн 490 миңге (анын ичинде жеке менчик мектептердин окуучуларынын саны 60 миңге) жеткен.
Биринчиден, "Билим берүү жөнүндө" КР Мыйзамынын 44-беренесине ылайык педагогикалык кызматкер мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү программаларын, окутуунун формаларын жана методдорун, окуу китептерин жана окуу куралдарын эркин тандоого укуктуу.
Экинчиден, 2022-2023-жылдары предметтик стандарттар жана окуу программалары жаңыланган. Ага жараша айрым окуу китептеринин мазмунун жаңылоо зарылчылыгы келип чыккан.
Ошентсе да, азыркы кырдаалды эске алып, министрлик мектептердин китепкана фондундагы окуу китептерин жана алардын электрондук версияларын эффективдүү колдонууну сунуштап, ата-энелерди ашыкча чыгымга учуратпоого чакырып келе жатат.
Мамлекет азыркы учурда актуалдуу болуп саналган предметтик стандарттарга жана окуу программаларына толук дал келген, жаңыланган, колдонууга сунушталган окуу китептерин гана бастыра алат. Ал эми базарга чыккан китептердин көпчүлүгү мурунку предметтик стандарттарга жана окуу программаларына жарым-жартылай дал келген, белгисиз адамдар (же жактар) тарабынан даярдалган контрафакттык продукциялар. Маселе сатуучуларда эмес, контрафакттык продукцияны даярдап, саттырып, мыйзамсыз киреше таап жаткандарда. Алардын мыйзамсыз иш-аракетинен автордун жана мүлктүк укук ээсинин укугу тебеленип жатат. Ошондуктан министрлик окуу жылы башталганга чейин Кыргызпатентке кайрылып, автордук укукту, интеллектуалдык менчикти коргоп берүүнү суранган. Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына кайрылып, базарда сатылып жаткан окуу материалдарынын бааларын көзөмөлгө алуу боюнча кечиктирилгис чара көрүүнү суранган.
Көмүскө китеп бизнеси уланбаш үчүн окутуу тилине жана классына жараша бардык предметтер боюнча окуу китептери жаңы предметтик стандарттарга жана окуу программаларына ылайык жаңыланып, тиешелүү экспертизалардан өткөрүлүп, андан кийин республикалык бюджеттин эсебинен жетиштүү нускада басылып чыгышы керек. Мектептердин китепкана фондунда жаңы китептер жетиштүү болсо, авторлор менен мүлктүк укуктун ээлеринин укуктары мамлекет тарабынан толук корголсо, контрафакттык продукция өндүргөндөр аныкталып, мыйзам чегинде жазаланса, ошондо гана көмүскө китеп бизнеси токтойт.
Эмгек акыны жогорулатуунун булактары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимин даярдайт.
2023-жылы 1 млн 278 миң нускада окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жана жумушчу дептерлер басылып чыгат жана ушул жылдын сентябрь айынан баштап мектептерге борборлоштурулуп жеткириле баштайт. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 10 эсеге көп (2022-жылы 123 мин китеп басылган).
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 352 “Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын “Учкун” ачык акционердик коому даярдайт. Ал үчүн атайын жаңы техникалык каражаттар алынган.
Мурун китептер жеке басмаканаларда даярдалып баасы бир кыйла жогору болгон.
2023-жылы республикалык бюджетте окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга китеп ижарасынан түшкөн каражаттарды кошкондо 324 млн сом каралган. (152 млн сом республикалык бюджет, 172 млн сом китептин ижарасынан түшкөн каражат).
Орто эсеп менен бир окуучуга 10 китеп керек болсо, бир китептин баасы орто эсеп менен 300-350 сомду түзсө, анда 1 447 717 окуучуга 5 млрд сомдон ашык каражат талап кылынат.
2023-2024-окуу жылында бир китептин ижара акысы 25 сомду түзөт жана ал жылына бир жолу тѳлөнөт.
Окуу китептерин ижарага берүү тартибине ылайык, колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөгү балдарга окуу китептери бекер же жеңилдетилген шарттарда берилет.
Аларга беш же андан көп балалуу үй-бүлөдөгүлөр, социалдык жөлөк пул алган, аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдар, ата-энесинин бири же экөө тең I жана II топтогу майып болгон үй-бүлөдөгү жана атасы же энеси гана бар үй-бүлөдөгү, аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүндөгү, аскердик же кызматтык парзын аткарууда каза болгондордун же укук коргоо органдарынын майып болуп калган кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүндөгү окуучулар, жетим балдар, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жана ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар кирет.
Ал эми ижара акысынын 50 пайызын төлөп китеп алуу укугуна 3-4 баласы бар үй-бүлөнүн балдары ээ болот.
Жалпысынан 2023-2024-окуу жылы мектептер үчүн 110 окуу китептери ижарага берилет.
Жаңы басып чыгарылган же басууга даярдалып жаткан окуу-усулдук комплекстердин баары министрликке таандык эмес, алардын айрымдарына автордук мүлктүк укуктар жеке менчик басмаларга таандык. Автордук мүлктүк укуктар “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзам менен жөнгө салынат.
Эгер кайсы бир жеке же юридикалык жак финансылык киреше табуу максатында контрафакттык товарды даярдоо жана сатуу менен байланышкан мыйзамсыз аракеттерге барса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Министрлик ата-энелерди азыркы кырдаалга түшүнүү менен кароого, китеп басып чыгаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты колдоого чакырат. Ошону менен бирге министрликтин 2023-жылдын 14-августундагы № 4868/1 буйругу менен бекитилген тизмектерге кирбеген окуу китептерин сатууга да, колдонууга да тыюу салынарын эскертет.
2020-жылы 700 компьютер бөлүнсө, 2023-жыл Санариптик өнүктүрүү министрлигинен 2200 ноутбук, Дүйнөлүк банктан 25000 компьютер, ЮНИСЕФтен 100 компьютер жана Билим берүү жана илим министрлиги тендер аркылуу 836 компьютер алды. Жалпысы 28 000 ашык компьютер мектептерге берилди.
Министерство образования и наук Кыргызской Республики приобретает лицензии на издание учебников у ведущего издательства образовательной литературы в Marshall Cavendish (Сингапур).
Приобретенные учебники охватывают основные предметы: математику, естественные науки и английский язык, которые соответствуют учебным программам стран с передовым опытом образования.
• Учебники Marshall Cavendish Singapore используют различные методы обучения, такие как визуальные материалы, интерактивные упражнения и групповые проекты, что способствует вовлечению учащихся и улучшает их понимание материала.
• Учебники побуждают учащихся к критическому мышлению и анализу информации, что является важным навыком для успеха в 21 веке.
• Учебники также помогают учащимся развивать навыки, необходимые для успеха в 21 веке, такие как коммуникация, сотрудничество и решение проблем.
• Фокус на академической успеваемости, которая подчеркивает основные предметы, такие как математика, наука и язык.
• Всеобъемлющая система стандартизированных тестов для отслеживания прогресса учащихся и определения областей для улучшения. Эти данные используются для корректировки стратегий обучения и обучения.
• Самостоятельные занятия, эти мероприятия могут помочь учащимся развить важные навыки и таланты.
Стабильные высокие результаты учащихся Сингапура в международном тестировании PISA обращают на себя внимание всех стран.
С 2015 года по настоящее время Министерство образования и науки Кыргызской Республики ведет переговоры с издательскими домами Cambridge University Press и Oxford University Press. В ходе переговоров обсуждались вопросы адаптации и перевода учебников по STEM-предметам.
В июне 2023 года между Cambridge University Press и Министерством образования и науки Кыргызской Республики был подписан меморандум о сотрудничестве в сфере образования. Кроме того, в июле-августе 2023 года Министерством образования и науки Кыргызской Республики была организована аналитическая апробация учебников по английскому языку «English Plus» для 7-8 классов, с дальнейшим присвоением грифа Министерства образования и науки Кыргызской Республики.
18 января 2024 года кыргызская делегация провела встречи с издательским домом Marshall Cavendish в Сингапуре, а также 23 января 2024 года с издательскими домами Cambridge University Press и Oxford University Press в Лондоне.
Были обсуждены возможности подписания лицензионного соглашения для приобретения, адаптации и печати учебников данных издательств по STEM-предметам и английскому языку для общеобразовательных школ Кыргызской Республики. В рамках встреч обсуждались вопросы адаптации учебников, используемых педагогических методов, использования цифровых платформ, где размещены цифровые копии данных учебников.
Школьные учебники, выпускаемые данными тремя издательствами: Cambridge University Press, Marshall Cavendish и Oxford University Press представляют собой золотой стандарт в образовании благодаря своей высокой академической ценности, качеству контента и авторитету и считаются одними из лучших в мире по нескольким причинам:
- учебники этих издательств разрабатываются опытными педагогами и специалистами в своих областях. Авторы данных учебников являются ведущими фигурами в академическом сообществе и обладают глубоким пониманием своих предметов.
- издательства активно следят за развитием образовательных стандартов и изменениями в учебных программах. Их учебники регулярно обновляются, чтобы отражать последние тенденции и научные открытия.
- учебники известны своим четким, информативным и доступным контентом. Они хорошо структурированы, снабжены яркими иллюстрациями, диаграммами и другими визуальными материалами, что помогает учащимся лучше усваивать информацию.
- данные учебники широко используются в школах и университетах по всему миру, что подтверждает их международное признание и репутацию.
Пайдалуу шилтемелер
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
коомдук-билим берүү жана илимий-популярдуу гезити
Мамлекеттик сайттар жана порталдар
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы