Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны
2025-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы бардык балдар үчүн инклюзивдик окутуу мүмкүнчүлүктөрүнө жана анын сапатына жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча ИӨБ/ИТӨФ/ББГӨ биргелешкен Smart-ED долбоору” 15 млн АКШ доллары суммасындагы гранттык техникалык жардам жөнүндө, Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы бардык балдар үчүн инклюзивдик окутуу мүмкүнчүлүктөрүнө жана анын сапатына жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча ИӨБ/ИТӨФ/ББГӨ биргелешкен Smart-ED долбоору” 250 миң АКШ доллары суммасындагы гранттык техникалык жардам жөнүндө макулдашуулардын долбоорлору жана Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы (Өнүктүрүү үчүн Ислам тилектештик фондунун администратору катары) “Кыргыз Республикасындагы бардык балдар үчүн инклюзивдик окутуунун мүмкүнчүлүктөрүнө жана анын сапатына жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча ИӨБ/ИТӨФ/ББГӨ биргелешкен Smart-ED долбоору” 10 млн АКШ доллары суммасындагы кредиттик макулдашуунун долбоору макулдашууга киргизилип, жактырылды.