Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 2023-жылдын 24-ноябрында 13.00дон 17.00го чейин • Бишкек шаарында К.Карасаев атындагы БМУнун башкы корпусунда (Ч. Айтматов пр., 27) • Ош шаарында ОшМУнун башкы корпусунда (Ленин көч., 331) өткөрүлөт.
Каттоо акысы – негизги тест үчүн 470 сом, жана ар бир предметтик тест үчүн - 470 сом.
Катталып жаткан учурда абитуриенттердин колунда төмөнкүлөр болушу керек:
1) Каттоо төлөмдөрү төгүлгөндүгүн тастыктаган РСК банктын квитанциясы
2) Паспорт, же аскер кызматындагыларга аскердик күбөлүк; Инсанды күбөлөндүргөн документтери жок тестке кирүү МҮМКҮН ЭМЕС!
3) 1 жылдан ашпаган мөөнөт ичинде тартылган, 3х4 см өлчөмүндөгү эки бирдей сүрөт;
4) мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн орто билим жөнүндө аттестаттын түп нускасы (оригинал) же орто кесиптик билимди тастыктаган дипломдун түп нускасы;
Жогоруда саналган документтердин бири гана жок болгон учурда каттоо жүргүзүлбөйт!