Кулактандыруу
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги КР ББИМ Эксперттик Кеңешине мүчөлүккө талапкерлерди тандоо боюнча сынак жарыялайт.
Илимий даражасы бар, төмөнкү багыттарга компетенттүү адистер чакырылат:
1. Табигый илимдери;
2. Инженердик илимдери;
3. Медицина илимдери;
4. Айыл чарба илимдери;
5. Коомдук илимдери.
Республикалык бюджеттен каржылануучу, мамлекеттик заказ боюнча түзүлүүчү илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткаруу үчүн КР ББИМ сынагына берилген өтүнмөлөргө объективдүү, ар тараптуу, компетенттүү илимий-техникалык экспертиза жүргүзүү эксперттердин милдети болуп саналат.
Илимдин багыттары боюнча эксперттик кеңештин мүчөлүгүнө талапкер тиешелүү багыт боюнча жогорку квалификациялуу адис болууга жана:
- илимдин тиешелүү багыттары боюнча илимий даража жана наам;
- илимий долбоорлордун өтүнмөлөрүнө экспертиза жүргүзүүгө катышуу тажрыйбасы;
- илимий-изилдөө иштерин оппоненттөө жана рецензиялоо боюнча иш тажрыйбасы (2ден кем эмес);
- акыркы 5 жылда илимий журналдарда жарыяланган 2ден кем эмес макала, эл аралык “Scopus”, “Web of Science” же РИНЦ;системалары тарабынан индекстелген;
- илимий, кесиптик жана эксперттик жамааттарга мүчөлүк;
- башка эксперттердин сунуштары.
Эксперттик кеңештин мүчөлүгүнө талапкер төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
- арыз (эркин формада, телефондун мобилдик номерин, электрондук дарегин көрсөтүү менен);
- дипломдордун көчүрмөлөрү;
- иштеген жеринен эки сунуш;
- кандидаттык жана доктордук диссертацияларга оппоненттик эмгектерге ээ жана кандидат/доктордук диссертацияларды рецензиялоо тажрыйбасына ээ;
-акыркы 3 жылдагы макалалардын тизмеси, импакт-факторун көрсөтүү менен;
- паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди (кагаз түрүндө, бир нускада) КР ББИМине (213-кабинет) 2022-жылдын 30-майынан тартып 30-июлуна чейин берүү зарыл.
Кошумча маалымат алуу үчүн 62 04 94 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики